Акыркы макалалар

Сомдун куну төмөндөп, азык-түлүк кымбаттады...

Сомдун куну төмөндөп, азык-түлүк кымбаттады...

Үстүбүздөгү жумада Кыргызстандагы белгилүү ишкер Райкан Алкановго кол салуу болуп, денесине 18 жолу сайылган бычак жаратынан ооруканада оор абалда жатат. Ал эми ишкерге кол салган деп үч кыз колго түштү. Ошондой эле өтүп бара жаткан жумада доллар дароо көтөрүлүп, бир аз ылдыйлады. Ал тапта базарларда азык-түлүккө болгон баалар өстү. Аптанын дагы бир урунттуу маселеси болуп Президент Алмазбек Атамбаевдин авто жолдорду тоскондорго жазаны катаалданткан мыйзамга кол койгону болду.

Өткөн жуманын аягында Кыргызстандагы белгилүү ишкер Райкан Алкановго кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу үстүбүздөгү жуманын башында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, Алканов 25-октябрда Талас жергесине барган. 26-октябрда ал өзүнүн айдоочусу менен байланышып, тез келүүсүн суранган. Айдоочусу ишкердин бычакталганын көрүп, "Тез жардам" менен ооруканага жеткирген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат борборунун кызматкерлери Алкановго 18 жолу бычак сайылганы тууралуу маалымат берип, ички органдары катуу жабыркаганын кошумчалашкан. Милиция тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча оперативдүү-издөө иштери жүрүп, окуя болуп өткөн күндөн бир күн өтүп-өтпөй шектүү кыз колго түшкөн. Ал 16 жаштагы Таластын тургуну болгон. Шектүү деп кармалган мектеп окуучусу Алкановго кол салгандыгын мойнуна алып, өспүрүм убактылуу кармоочу жайга камалган. Изилдөө иштеринин жүрушүндө кармалган кыздын өнөктөштөрү болгон деген маалымат болгон. Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан дагы кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча оперативдүү издөө иштери жүрүп, дагы эки кыз колго түшкөн. Бул тууралуу 30-октябрда жабырлануучунун жактоочусу Юрий Скатневский билдирди. Анын айтымында, кармалгандар Алкановдун үйүндө иштеген бала багуучунун туугандары болуп чыкты. Ишкер Бишкекке алынып келинип, Чүй облустук ооруканасына жаткырылды. Адвокат кошумчалагандай, ишкерге кол салынган күнү анын үйүнөн 200 миң сом уурдалган.

Каргашалуу окуя болгондон кийин Кыргызстандын маалымат каражаттары аркылуу Алкановго кол салуу тууралуу ар түрдүү жоромолдор чыгып жатты. Бирок ал маалыматтар чындыкка дал келбестигин ишкердин жактоочусу айтып чыкты.

Буга чейин да Кыргызстанда ишкерлерге кол салуулар болуп келген. Эң жакынкысын айта турган болсок, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарындагы "Дельта-Восток" күзөт агенттигине белгисиз адамдар кол салып, анын жетекчисин атып кетишкен. Мындан улам Кыргызстанда ишкерлердин коопсуздугуна канчалык деңгээлде көңүл бурулган, ишкерлердин коопсуздугуна байланыштуу чаралар көрүлгөнбү, деги эле дүйнөлүк практикада ишкерлердин коопсуздугу кандай каралган деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

Ишкердин коопсуздугу үчүн укук коргоо органы күчтүү болушу керек деген Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек республикада коопсуздук маселеси бардык тармакта өтө оор акыбалда деп билдирди.

Райкан Алканов Кыргызстандагы белгилүү ишкер. Ал Дордой тараптагы ири базар жана бир нече ишкана кирген “Алканов жана компания” ЖЧКсынын президенти жана "ЕврАзЭС-Кыргызстан ишкерлер кеңеши" ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы.

Доллардын аброю көтөрүлүп, азык-түлүк кымбаттады...

Кыргызстанда доллардын сомго карата болгон баасы күндөн-күнгө өсүп жатат. 28-октябрда эртең мененки курс менен түштөн кийинки курстун айырмасы өтө чоң болду. Себеби ал күнү эртең мененки 9:30га карата борбордогу акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу сатып алууда 56,90 сомду жана сатууда 57,40 сомду түзгөн. Ал эми түштөн кийин бул баалар 58 сомго чыкты. Экономикалык серепчи Айылчы Сарбаевдин айтымында, доллар буга чейин да көтөрүлүп түшүп келген. Андыктан рыноктун шартына жараша мындан ары да ушундай көрүнүштөр улана берет.

Улуттук банк өлкөдө сомдун курсун тең салмактоо үчүн бардык аракетин көрүп жатат. Сомдун курсун туруктуу кармап калуу аракетинде Улуттук банк 28-октябрда валюта базарына 22 миллион доллар, ал эми 29-октябрда валюта базарына дагы 13,4 миллион доллар чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Жыл башынан бери Улуттук банк 344 миллион долларга жакын валюта рыногуна доллар киргизди. Ушул тапта Бишкектеги валюта базарында доллардын баасы 57,70 - 58 сомго чейин чыгууда. Ал эми евронун баасы 73 сомдун тегерегинде болуп жатат. Буга финансисттер өлкөнүн импорттук товарга көз карандылыгы, ошондой эле саясий абалдан улам орус рублинин куну түшүп кеткени себеп болду деп түшүндүрүүдө. Ошентсе да Улуттук банктын өкүлдөрү дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок деп ишендиришүүдө.

2014-жылдын январь айынан октябрга чейин АКШ долларын алмаштыруу курсу 13,98% жогорулады. Улуттук валютанын арзандоосуна бир катар тышкы фактор таасир этип жатат. Жыл башында доллардын курсунун өсүүсүнө - Украинадагы кризистин кесепетинен Орусиядагы тышкы саясий абалдын начарлоосу, Казакстандагы бир убакыт ичинде болуп өткөн девальвация, АКШ Федералдык камдык системасынын саясаты өз таасирин тийгизгени айтылган. Азыркы учурдагы өсүш, Кыргызстандын соода-сатык тармагындагы өнөктөш өлкөлөрдүн жана Европанын экономикалык абалынын солгундоосуна, Орусияга карата киргизилген санкцияга, мезгилдик факторлорго байланыштуу болуп жатканы айтылууда.

КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш "Марал" үналгысына берген маегинде доллардын кымбаттоосуна карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып, долларга карата дефицит болбостугун билдирди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жыл башынан бери 309,293 миллион АКШ долларына валюталык интервенция жүргүздү. Бул жагы мамлекетке кандайдыр бир

коркунуч туудурушу мүмкүн экендиги адистер тарабынан айтылууда. Анткени Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн интервенцияны жеке резервинен жасап жатат. Ошондуктан валюта резерви да кыскарууда.

Алдын ала алынган божомолдорго караганда сомдун куну дагы төмөндөп кетиши ыктымал. Мындай учурда сырттан ташылып келинген товарлардын баасы жогорулашы күтүлөт. Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Насирдин Шамшиевдин билдиргенине караганда, Кыргызстан 40 пайыз азык-түлүктү сырттан сатып алат.

Өлкө базарларында негизги азык-түлүктүн баасы кымбаттоодо. Бишкектеги Аламүдүн базарында азык-түлүктүн бардык түрүнө баа жогорулады. Сатуучулардын кээ бири мунун себебин доллардын кымбаттоосу менен байланыштырса, айрымдары кыштын эрте келгени менен байланыштырууда.

Дүйнөдө товар алмашуу процесси негизинен доллар менен жүргөндүктөн, бул көпчүлүк өлкөлөргө да таасирин тийгизүүдө. Кыргызстандын азык-түлүк базарындагы бааны мамлекет жөнгө салбайт. Базар атаандаштыктын негизинде гана иш алып барат. Бирок тигил же бул тамак-ашка баа бир айда 20 пайызга көтөрүлүп кетсе гана мыйзамга ылайык мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Эми доллардын күн санап өсүшүн жана азык-түлүккө болгон баалардын жогорулап жатышын эл көтөрө алабы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт.

Эми жол тосуу – бул кылмыш

Президент Алмазбек Атамбаев унаа жолдорун тоскондорду жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Ага өлкө башчы 29-октябрда кол койду. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында кабыл алган.

Мыйзамдын максаты - жарандардын орун которуштуруу эркиндигин, жол кыймыл эрежелеринин коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле инсандын өмүрүн, ден-соолугун жана менчигин коргоо боюнча конституциялык укугун коргоону күчөтүү болуп саналат.

Авто жолдорду тоскондорго жазаны катаалданткан демилгени Жогорку Кеңештеги «Ар-намыс», «Ата Мекен» жана Социал-демократтар фракциясынын лидерлери сунуштаган. Буга чейин бийликке өз үнүн жеткирүү үчүн унаа каттоочу жолду тосуу Кыргызстандын тарыхында көп колдонулган. Жолду тосуу менен нааразычылык тараптын үнү бийликке жеткени менен ортодо жөнөкөй жарандар анын запкысын жеп калышууда. Кыргызстандын мыйзамдарына былтыр өзгөртүү киргизилип, жол тоскондорго карата чаралар күчөтүлгөн. Бирок ал жетишсиз болгон. Себеби, анда жол тоскондорго өлкөдө эч кандай кылмыш жазасы каралган эмес жана айыптын өлчөмү да өтө эле аз болчу. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдиргендей, жол тоскондорго администрациялык кодекс боюнча айып каралган.

Мыйзамда эгерде бөгөт коюунун же кыймылды чектөөнүн узактыгы 24 сааттан ашса, жеке жактарга 3 000 (үч миң) сом, юридикалык жактарга 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө администрациялык айып каралат. Бул жаза бир гана уюштуруучуларга эмес, жол тосууга жана материалдык же кандайдыр бир башка жардам берүү максатында жол тосуу болуп жаткан жерге адамдарды, тамак-аш азыктарын ташып баруу жолу менен жол кыймылына тоскоолдук кылгандар үчүн да тиешелүү болот.

Эгерде стратегиялык маанидеги автомобилдик жолду тосуу же тосмолоо курулмаларын, техниканы же башка буюмдарды орнотуу менен жасалса, жеке жактарга администрациялык айып катары 5 000 (беш миң) сом, юридикалык жактарга 70 000 (жетимиш миң) сом өлчөмүндө айып акы, же укук бузууну жасоо куралы болгон каражаттарды конфискациялоо менен беш суткага чейинки мөөнөттө администрациялык камоого алуу каралат.

Эгерде жогоруда аталган аракеттер олуттуу зыянга алып келсе, укук бузууну жасоо куралы болгон каражаттарды конфискациялоо менен отуз саатка коомдук иштерге тартууга же беш суткалык мөөнөткө администрациялык камоого алуу каралат.

Жол буугандарга багытталган мыйзам буга чейин бир да жолу иштеген эмес. Ошондон улам бул мыйзам долбоору колдоо тапса да, иштөөсүнөн күмөн санагандар бар. Саясат талдоочу Марс Сариев социалдык акыйкаттыкты Өкмөт өзүнөн баштап, элге үлгү болушу керек дейт. Анын айтымында, буга чейинки мыйзамдар иштебегенинен улам, бул мыйзам колдоого алынганы менен иштөөсү күмөн жаратат.

Мыйзам долбоору жолду буугандар саясий абалды курчутуп, экономикага зыян алып келүүдө деген жүйө менен иштелип чыккан. Президент кол койгон мыйзамда, жол тосуу акциясын уюштурган же жетектеген жеке жактарга да айып каралган. Анда уюштуруучуга жана жетектегендерге 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө айып акы, укук бузууну жасоо куралы болгон каражаттарды конфискациялоо менен беш суткалык мөөнөткө администрациялык камакка алуу каралат.

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин өкүлү Замирбек Көчөрбаев эгерде жеке кызыкчылыгын көздөп, элдин атын жамынып, калкты колдонуу менен жол тоскондорго карата мыйзам катуулаганы туура деп эсептейт. Ал эми элдик кызыкчылыкты көздөп, экологиялык талаптар менен жол тосуп чыккан жарандарга мыйзам катуулаганы туура эмес. Андыктан Замирбек Көчөрбаевдин пикиринде, мыйзамга дагы толуктоолор киргизилиш керек.

Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөр киргизилген. Ага ылайык, автомобиль жолун мыйзамсыз тосуу узактыгы 24 сааттан ашык болсо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралат. Мындай жагдайда жазалоо өлчөмү жана жазанын түрү аракеттердин кесепеттерине (жабырлануучунун ден-соолугуна оор же анча оор эмес залал келтирүү же өлүмү, чоң өлчөмдө же өтө чоң өлчөмдө материалдык зыян келтирүү) жана кылмыш жасоо ыкмаларына жараша болот.

Мыйзам 31-октябрда расмий жарыяланып, күчүнө кирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...