Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө мыйзамсыз түрдө мергенчилик кылгандар кармалды

Анын айтымында 7-9-декабрга чейин Сары-Мойнок тосмосунда мергенчилик жана токойчулар департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү менен Ысык-Көл облустук ИИБ кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Ишчарада Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун тоо кыркаларында уруксат кагаздары жок аңчылык кылып жүрүшкөн жарандар кармалган. Алардан 8 баш сибирь текелери, 1 баш жапайы кой, 1 баш түлкү жана 1 баш каман чочко алынган. Кармалган жарандар жана алардын мыйзамсыз олжолору тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилгендигин кошумчалады А.Давлетов.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...