Акыркы макалалар

Милиция кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөр курула баштады

Милиция кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйлөр курула баштады

Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда милиция кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн 9 кабаттуу үч үйдүн курулушу башталды. 30-октябрь күнү салтанаттуу иш-чарага КРнын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, Ички иштер министри Мелис Турганбаев менен орун басары Курсан Асанов жана Бишкек ШИИББинин кызматкерлери катышышты.

Өз сөзүндө вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев укук коргоочуларга КРнын Өкмөтү тарабынан мындан ары да жакшы көңүл бөлүнүп, алардын эмгеги мындан ары да жакшы бааланарын билдирип, келе жаткан майрамдары менен куттуктады.

"Милиция кызматкерлеринин кызматы абдан татаал. Өлкөдө орун алган курч окуяларда алар тартипти сактоого бардык күчтөрүн жумшап эмгектенип келишет. Ошондуктан аларды турак жай менен камсыздап, башка дагы социалдык маселелерин чечип берүүгө аракеттерди күчтөйбүз",- деди вице-премьер.

ИИМ Мелис Турганбаевдин айтымында, турак жайдын биринчи үйү 2015-жылдын жай мезгилинде бүтүрүп, колдонууга берилери пландалууда.

«Турак жайда жалпысынан 180 батир, алардын 72си эки бөлмөлүү жана 108и бир бөлмөлүү болмокчу. Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаев бул максатты ишке ашырууга 55 миллион сом бөлүп берди. Бул биздин кызматкерлерге көңүл бурулуп жатканы. Андыктан жалпы кызматкерлердин жана өзүмдүн атыман рахмат айтам. Мындан тышкары борбор калаада, Ошто, Баткенде үйлөрдүн курулуш иштерин баштоо күтүүлүүдө",- деди министр.

Кошумчалай кетсек, учурда милиционерлердин 70 пайызы батирге муктаж. Жалпы республикадагы милиция кызматкерлерине көп батирлүү үйлөрдү куруу пландалууда. Ал эми батирлерди бөлүштүрүүдө коррупция болбошу, атайын комиссия түзүлүп, катуу көзөмөлгө алынат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...