Акыркы макалалар

А. Атамбаев: Канада соттору мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууда

А. Атамбаев: Канада соттору мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууда

29-октябрда Кыргызстанда элчилик миссиясын жаңы гана баштаган 6 өлкөнүн элчилери Президент Алмазбек Атамбаевге ишеним кагаздарын тапшырышты. Мамлекет башчы алардын жаңы дайындалышы менен куттуктап жатып, Кыргызстандын эли эч качан адилетсиздик менен элдешпесин билдирди. Ошондой эле өз сөзүндө өлкө башчы, элчилердин дайындалышы менен өлкөгө инвестициянын агымы жакшырарына ишеним айтты.

-“Биздин эл эркиндикти сүйгөн, ачкачылык жана жакырчылык сыяктуу кыйынчылыкты көтөргөн укмуштуудай чыдамкай эл. Бирок адилетсиздикке эч канчан моюн сунган эмес. Бул элдин эркиндикти сүйүүсү канында бар. Урматтуу элчилер, сиздердин өлкө менен Кыргызстандын кызматташтыгын арттырууда президенттик аппарат, өкмөт, парламент бардык күч аракетин жумшайт. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм”,- деди мамлекет башчы.

Кыргызстанда дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү көбөйүп жатканын белгилеп, бул Кыргызстандын демократиялык жана ачык өлкө экендигинен кабар берерин айткан Президент Алмазбек Атамбаев, Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайлдын ишеним грамотасын кабыл алып жатып “Канада мамлекети кайсы бир деңгээлде Кыргызстанга карыздар" деп билдирди. Ошондой эле мамлекет башчы Канада соттору Кыргызстанга байланыштуу иштерде мыйзамсыз чечим кабыл алганын да кошумчалады.

-“Кумтөрдү иштеткен “Камеко” баштаган канадалык компаниялар Кыргызстандан киреше таап жатышат. Канада кайсы бир деңгээлде Кыргызстанга карыздар. Урматуу элчи, буга чекит коюшубуз керек жана демократиялык өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүшүбүз керек. Ал эми биз Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы эки тараптуу байланыштардын потенциалын бекемдегибиз келет”.

Алмазбек Атамбаевдин, Канаданын кыргызстандагы элчисине жасаган кайрылуусу, бир жагынан туура эмес дипломатиялык мамиле болуп калды. Мындай пиринин эл аралык иштер боюнча серепчи Чинара Эсенгул билдирди.

“Айрым учурда өлкө башчылар ыңгайы келип калганда, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сөз ортосунда айрым маселелерди кошуп айтышат. Азыркы учурда Канаданын айрым сотторунун өзүм билемдик кылуусу да буга себеп болду”, -дейт серепчи.

Кыргызстандагы 6 чет мамлекеттин элчилери президент Алмазбек Атамбаев ишеним грамоталарын тапшырышты. Алар, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Батыр Ниязалиев, Кубанын элчиси Энрике Вальдес Консепсион, Армениянын элчиси Ара Саакян, Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайл, эстониялык элчи Яан Рейнхолд, Италиянын Кыргызстандагы элчиси Стефано Раваньян жолугушту.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...