Акыркы макалалар

Ошто социалдык түйүн аркылуу жихадга үндөгөн бала аныкталды

Ошто социалдык түйүн аркылуу жихадга үндөгөн бала аныкталды

29-октябрда Ош шаарынын мектептеринин биринде 9-класста окуган 3 окуучу досторун чет өлкөдө туруп жихад жасоого үндөгөн бала пайда болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Окуяга байланыштуу кечээ үч баланын ата-энелери жана мектеп жетекчилиги менен биргеликте Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Маалыматка ылайык, чет өлкөдө жүргөн Хасанбай аттуу баланын үч классташын жихадка үндөгөнү аныкталды. Хасанбай Ош шаарында 8-класста окуп жатып, окуусун таштап, Орусияга кеткен. Ал учурда чет жакта туруп, бул үч классташын жихад жасоого "Одноклассники" социалдык түйүнү аркылуу көптөн бери үндөп келгендиги маалым болду. Иликтөө иштеринен улам ал баланын ата-энеси ажырашып, Ошто жашаган маалында социалдык жактан аябагандай оор күндөрдү башынан кечирип жүргөн. Учурда, Түркияда же Орусияда экендиги так эмес, бирок ушул эки мамлекеттен байланышка чыгып жаткан. Ал классташтарын "тозок оту" менен коркутуп, такай жихад жасоого үндөп, Сирияда тартылган видео жана фото материалдарды жөнөтүп турган жана ал материалдарды өз классташтарына таркатууну буюрган. Ош шаарынын милиция кызматкерлери алдын алууга жетишишти. Окуучуларга түшүндүрүү иштеринен соң үйлөрүнө ата-энелери менен биргеликте коё берилди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...