Акыркы макалалар

Жоомарт Оторбаев:"Турдубаев энергия тармагындагы татыктуу адис"

Жоомарт Оторбаев:"Турдубаев энергия тармагындагы татыктуу адис"

Мен Турдубаев мырзаны көрсөткөм. Бул тармакта чече турган маселелер арбын. Мен бул адам чыныгы адис экенине ишенем. Андыктан, көйгөйлөрдү чечип, жалпы энергетика тармагын жөнгө салып кетет деп ойлойм.

“Кабар даамында” программасынын алкагында КРнын прьемьер-министри Жоомарт Оторбаев менен маек болду. Премьерге кышка даярдык, кадрлдардын дайындалышы, министрлердин жоопкерчилиги, Кумтөр жана ББга кирүү маселеси менен бирге өкмөткө айтылып жаткан сындар тууралуу суроолор берилди.

Кыштын оор болору тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Жалпысынан алсак, өкмөт кышка канчалык деңгээлде даяр?

Биздин өкмөт 4-апрелден тарта иштеп жатат. Ошондон бери кышкы сезонго даярдык башталган. Тилекке каршы, ошондо биздин метеорологдор суунун көлөмүнүн азайышын айткан. Быйыл 2,4 млрд кВтсаат энергия жетпейт. Мындан улам, элди кышта көйгөй күтөт. Казакстан 1 млрд кВсаат беребиз деп жатат. Бирок, ал рыноктук баа менен келет. Кыргызстанда энергияга болгон баа 70 тыйын болсо, Казакстандан 4 сомдун тегерегинде келет. Түркмөнстан менен да маселе чечилсе, андан алып баштайбыз. Лимиттер кыскарып, элди жаңы тарифтик саясатты жарыялайбыз. 700 кВсаат 70 тыйын болсо, андан ашса 1сом 20 тыйындан сатылат. Казакстандан 4 сомдон алынса, элге ортодогу бааны түзөбүз. Пландалган иштер аткарылса, кышты жакшы өтөбүз деген ойдобуз.

Министрлердин ишинин жоопкерчилиги каралганбы же алар каалаган убагында креслосун таштап кете береби?

Премьер-министр катары министрлер кабинетинин ишине жоопкерчиликти мен алам. Бирок, ар бир министрдин жеке жоопкерчилиги да бар. Коомчулук алардын ишине толугу менен баа берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Энергетикага жаңы шайланган министр бул тармакты жөнгө салып кете аларына ишенесизби?

Мен Турдубаев мырзаны көрсөткөм. Бул тармакта чече турган маселелер арбын. Мен бул адам чыныгы адис экенине ишенем. Андыктан, көйгөйлөрдү чечип, жалпы энергетика тармагын жөнгө салып кетет деп ойлойм.

Ар бир тармактын кадрларын партиялар бөлүштүрүп алганына байланыштуу адистиги жетишcиз адамдар менен иштешип калып жаткан жоксузбу?

Бул жалаң эле Кыргызстандын маселеси эмес. Классикалык парламенттик өлкөдө коалициялык өкмөттүн принциптери ушундай. Биз да ошол принцип менен иштеп жатабыз. Мында эч кандай трагедия жок.

Жаш активисттер ачкачылык акциясын улантып жатышат. Өкмөткө бир канча талаптарды койду. Бул тууралуу сиздин пикириңиз кандай?

Алар ар түрдүү маселелерди коюп жатышат. Түштүктөгү газ маселесин алсак, “Узтрансгаз” бизге газ бербей жатат. Бул тышкы себептерге байланыштуу. Канча кайрылсак да жыйынтык жок. Азыр “ГазпромКыргызстан” менен чогуу иштеп, кышка чейин түштүккө газды жеткиребиз. Энергиядагы көйгөй жаратылыштык себептерден улам чыгууда. Бензинди Орусиядан алгандыктан, баасы алардан көз каранды. Андыктан, өкмөт начар иштейт деген сөздөргө түшүнбөйм.

Кыргызстан ББга мажбурлоо менен кирип бара жатабы же бардык тарабынан ага кошулууга өлкө даярбы?

Өкмөт бардык тобокелчиликтреди санап киргизип жатабыз. Жалпы элдин ойлору позитивдүү. Сурамжылоо жүргүзгөндө элдин 65 пайызы ББга кирүүнү колдоорун билдирди. 10 % дын тегерегиндегилер каршы, калганы өз оюн айткан эмес. Мигранттардын 100 пайызы Бажы биримдигине кошулууну колдоп жатат. Бул кадам бизди жакшы эле жактарга алып барат. Бир гана баалардын өсүшүн эске албаганда. Бирок, анча деле чоң кымбатчылык болбойт. Эл ББга кирбесек эмне болот деген суроону коюш керек.

Сурамжылоонун жыйынтыгы туура экенине ишенесизби?

Бардыгы цифралар менен көрсөтүлүп жаткан соң, эмне үчүн ишенүүгө болбойт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...