Акыркы макалалар

Энесай кыргыздарынын байыркылыгын чагылдырган көргөзмө Бишкекте ачылды

Энесай кыргыздарынын байыркылыгын чагылдырган көргөзмө Бишкекте ачылды

Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде "Энесай кыргыздары" аттуу көргөзмө ачылды.

Көргөзмөгө Орусиянын Красноярск аймагындагы Минусинск музейиндеги Энесай кыргыздарына таандык буюмдар коюлган. Бул экспонаттардын өзгөчө орду бар экенин аталган музейдин жетекчиси Людмила Ермалиева белгиледи.

"Биз Кыргызстанга байыркы Энесай кыргыздары колдонгон айрым буюмдарды алып келдик. Красноярск аймагынан табылган бул буюмдар чындап эле Энесай каганаты болгонун тастыктап турат. Бул буюмдар Кыргызстандын эли, окумуштуулары үчүн абдан маанилүү. Себеби, бул буюмдар аркылуу ошол убактагы энесайлык кыргыздардын жашоо мүнөзүн, согушта колдонгон буюмдарын биле алабыз",- дейт ал.

Көргөзмөнүн ачылышына өкмөт мүчөлөрү, тарыхчы илимпоздор да келди. Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сариева мамлекеттүүлүк жылына дал келген бул иш-чара өзгөчө жаштар үчүн маанилүү экенин белгилеп өттү. "Жаштарыбыз өз тарыхын билиши керек. Тарыхы болбой эл болбойт. Жаштарыбыз биздин ата-бабалар кандай жашаганын, кантип элин коргогонун билиши керек",- дейт.

Бул көргөзмөнү уюштурууга салым кошкондордун бири Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Ал өз сөзүндө 7-8-кылымда болгон окуяларга биз 21-кылымда туруп алып саясат жасоого мүмкүнчүлүк болду деди. "Кыргыздар өз тарыхыбызды жакшылап билүүгө азыр жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул экспонанттар Кыргызстанга биринчи жолу алынып келип жатат. Ал буюмдар аркылуу байыркы Энесай кыргыздарынын жашоо мүнөзүн көрсөк болот. Алар чындап эле жогорку маданияттын туу чокусуна жеткенин, билимдүү болгонун жана темирди иштетип, андан жогорку сапаттагы курал-жарактарды жасаганын көрөбүз",- деди ал.

Эскертсек, көргөзмөгө байыркы Энесай кыргыздарынын күнүмдүк колдонгон чарбалык буюмдары, согуштук курал-жарактары, азем буюмдары коюлган. Ошондой эле Барсбек кагандын ташынын көчүрмөсү да келген коноктордун назарына коюлду.

Бул көргөзмө 30-октябрдан 25-декабрга чейин Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде болот.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...