Акыркы макалалар

Ө.Текебаев Таласта жергиликтүү тургундар менен төө буурчактын баасы боюнча маселени талкууга алды

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 28-октябрда Талас облусунда шайлоочулар менен жолугушуп, элдин бирден-бир өзөктүү кирешеси болгон төө буурчактын баасы боюнча маселени талкууга алды. Жолугушууда таластыктар коррупциялык схеманын натыйжасында төө буурчакка болгон сатып алынчу баа былтыркыдан алдаганча төмөн түшүп кеткенин айтышты. Бул боюнча жолугушууга катышкан тийштүү мамлекеттик органдардын (Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Бажы кызматынын, Антимонополдук агенттиктин) өкүлдөрү жооп беришти. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирди.

Жыйын соңунда төө буурчакка болгон сатып алынчу баа боюнча түзүлгөн кырдаал Өкмөткө жеткирилип,чара көрүлө тургандыгын “Ата Мекен” партиясынын лидери билдирди.

Быйылкы жылы өлкөнүн бардык аймагында төө буурчак айдалган эле. Анткени, былтыркы жылы төө буурчактын наркы 100-110 сомго чейин көтөрүлүп, 2 доллардан (курсу 47-48) ашкан. Быйыл болсо 50-55 сомго араң чыгып, ызгаардуу кардын алдында калып сапаты начарлагандары 30 сомдон сатылууда.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...