Акыркы макалалар

Муфтий Кыргызстандагы Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси менен жолугушту

28-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандагы Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч мырза менен жолукту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.и

Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Орхан Генч мырза борборубузда курулуп жаткан мечит 2016-жылы бүтөөрүн, бул кыргыз элине түрк элинин чоң белеги боло тургандыгын, тарыхтан калыптанып келген иш тажрыйбаларынан муфтият менен бөлүшүп иш алып бара тургандыктарын айтты.

Максатбек ажы Токтомушев өз сөзүндө курулуп жаткан борбордук мечиттин башкы планынын негизинде кеңешип жасала турган иштер бар экендигин белгилеп, эки бир тууган элдин мындай жакшы мамилелери улана бере тургандыгын айтып, Түркия мамлекетинин жетекчилерине, Түркия Диянет Иштеринин башчысы Мехмет Гөрмез мырзага, жалпы түрк элине чоң ыраазычылыгын билдирди.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...