Акыркы макалалар

Баткен облусунун башкы милициясы калк менен биргелешип иштөөгө убада кылды

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Анарбай Алимбеков 28-октябрда Кадамжай РИИБнин кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

«Тейлеген аймакта тартип болуш керек, жаңыдан ачыла баштаган аймактык милиция пункттары күнү-түнү иштеш керек, аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн начальниктери да кошо чыгып элдин алдында жыл ичинде аткарган иштери боюнча өздөрүнүн отчетторун бериш керек»- деп айтты ал.

Кадамжай районунда жалпысынан 83 мектеп бар. Аларды 9 жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тейлейт. Бүгүнкү күндө ар бир мектепте профилактикалык кааналар ачылып, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору күнүнө барып ошол жерден өздөрүнүн жумуштарын баштап, мектеп окуучуларын толугу менен көзөмөлгө алып, алар менен тыгыз иштешет.

Район аймагында 13 коомдук алдын алуу борборлору (КААБ) бар. Бүгүнкү күндө кээ бир коомдук алдын алуу борборлору жергиликтүү бийлик аларга акча каражатын бөлүп бербегендиктен алардын иши токтоп калган.

Андан соң Кызыл-Кыя шаарында жашаган элдер менен жолугушуп, алардын ар тараптуу берген суроолоруна жооп беришти. Жаңыдан ачылып жаткан аймактык милиция пункттарына элдер ыраазы болушуп, кээ бир милиция кызматкерлерине алкыш билдиришти. Анарбай Алимбеков элдин арасында тынчтык болмоюнча мамлекетибиз өнүгө албайт. Бүгүнкү күндө милиция элдин колдоосуна муктаж, сиздер бизге жакындан жардам берсеңиздер жашаган аймагыныздарда тартип, тынчтык болот»-деп элди чакырып кетти. Жыйындын соңунда милиция кызматкерлерине жакындан колдоо көрсөтүп, көңүл буруп, жакшы шарттарды түзүп бергендиги үчүн Кыргыз милициясынын 90 жылдык майрамына карата Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абибилла Халмурзаев Кыргыз Республикасынын ИИМнин «Шериктеш» медалы менен сыйланды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...