Акыркы макалалар

Бишкекте 109 көп кабаттуу үйгө жылуулук бериле элек

Бишкек шаарындагы 109 көп кабаттуу үйдүн ички куурлары бузулганынан улам жылуулук берилбей турат. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда "Бишкекжылуулуктармактары" ААКтын башкы инженеринин орун басары Павел Рыбалкин билдирди.

Анын айтымында, ААК 1 806 көп кабаттуу үйдү тейлейт. Алардын 1 503үнө учурда жылуулук берилди. "109 үйдүн ички түтүктөрү бузулгандыктан кошулбай турат. 60 үйдүн жер төлөөсүндөгү түтүктөр бузулган болсо, 49 квартирадагы түтүктөр бузулган. Квартиранын ичиндеги түтүктөр жеке менчик ээсиники болгондуктан аларды үйдүн ээси оңдойт. Жер төлөөдөгү иштерди биз жасап жатабыз",- деди ал.

Андан сырткары эки жарым күндө 224 бузулуу катталып, 155и оңдолду. Анын ичинен жер төлөөдө катталганы - 73, батирлерде катталганы - 42. "Өзгөчө квартиранын ичинде бузулган түтүктөр бизди кыжаалат кылат. Тургундарды учурунда эскирген жабдыктарды алмаштыруусу керектигин эскертебиз. Тилекке каршы көпчүлүгү ага маани бербейт",- дейт Рыбалкин.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...