Акыркы макалалар

М.Тиленчиева:”Нарын шаарына көп кабатуу үй куруу маселеси ЖКга көбүрөөк коюлушу зарыл”

Мындай пикирин ЖКнын депутаты Майрамкүл Тиленчиева Нарын шаардык мэриясынын жана кеңешинин 10 жылдыгына арналган мааракеде билдирди.

“Нарын шаары шаар статусун алган 10 жыл аралыгында мэриянын жана депутаттардын аракети менен бир катар долбоорлор ишке ашты. Бирок алдыда дагы жазалчу иштер арбын. Шаардык кеңештин депутаттары шаарга көп кабатуу турак-жай куруу сыяктуу социалдык-экономикалык маселелер боюнча сунуштарыңарды ЖКга көбүрөөк бергиле. Биз тигил жактан да аракеттерди көрөбүз. Облус дотациялуу болгондуктан учурунда көп маселе өз убагындпа чечилбей келүүдө, бирок биргеликте аракеттер боло бериши керек”,-деди М.Тиленчиева.

Ал эми депутат Карганбек Самаков Нарын шаарынын райондон бөлүнүп өзүнчө шаар статусуна ээ болгонуна өз эмгеги бар экенин, троллейбус линиясын өз каражатына тарттырып бергенин айтып, алдыда дагы шаар үчүн иштерди жазай бере турганына токтолду. Мындан сыркары Бажы биримдигине кирээр алдында Нарын облусу 170 млн калкы бар рынокто да өз ордун табууга аракеттер болуп жатат,-деп кошумчалады К.Самаков.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...