Акыркы макалалар

Поэзиянын чолпону Алыкул!

Поэзиянын чолпону Алыкул!

КТРКнын “Аалам сырлары” көрсөтүүсүн даярдап жүрүшкөн Асыл Апасова менен Назира Айтбекова Алыкул Осмоновду да реалити-шоуга кошолу деп келишкенде каршы болдум. Акындыгы да, адамдыгы да кыргызга өзгөчө, ыйык инсандын арбагын оюнга айлантуу жарабайт ниетинде. “Жүздөн ашык көзү ачыктарды сынаганга, алардын адабият жана көркөм дүйнөтаанымдарынын деңгээли кандай экендигин билүүгө, ошол эле учурда Алыкулду да эл арасына кеңири жайылтуу шарты түзүлүп жатканын ой таразаңыздын экинчи жагына коюп көрсөңүз”, - дегендерин эп көрүп, макулдук берген элем.

Алыкул ааламы жана көзү ачыктар

Ошентип, жайкы чилдеде, 18-июлда Алыкулдун жайбашына куран окутуу менен теле көрсөтүү тартыла баштады. Ошентип, Алыкул ааламынын сырларын чечмелөөгө алты көзү ачык аттанды. Көздөрү таңылган аларды машинага отургузуп, шаарды аралатып, Ала-Арча көрстөнүнө чейин ошол абалда алып келишти да, акындын мүрзөсүнө жакындаганда гана көздөрүндөгү кара кездемени чечишти.

Ага чейин акындын эстелигинин үстүнө кара жабуу жабылганда, күндүн ысыгында ого бетер думуктургандай абалга кептелгенибизге ичимден кечирим сурап жаттым...

Алты катышуучуга тең жалпы, окшош, бирдей суроолор берилди.

1. Бул жайбашы кимге таандык, аялдыкыбы же эркектикиби?

2. Өмүр жолу эмнеге байланышкан?

3. Жеке тагдыры кандай болгон?

Кубаныч мырза 3, 5 сандарынын бул адамдын тагдырында ээлеген орду, кандайдыр суу, көл жээги, калем, китеп жана кичинекей кыз жөнүндө айтуу менен бирге ушул жерге коюлган адамдын ыры деп 39 сапты кээде муңканып, кээде буркурап, кээде тынып окуганы өтө таңдантты.

Бул ыр саптары ичинен төмөнкүлөрү мага тиешелүүдөй туюлду, өзгөчө биринчи жана акыркысы:

Ушул жерди басканыңа капа эмесмин,

Мейли, мейли,

Капа болот арбак дедиңерби?

Андай эмес.

Мен силердин келгениңерди

кубаттаймын,

Кубат, күч-кубат берип мен турайын.

Жүрөгүңөргө нур чырагын жандырайын.

Мени эстетип турганыңа ыраазымын,

- деген менен жалпы элдик деңгээлде жакшы көңүл бурулбай жатканына акын арбагы түйшөлгөндөй:

Негедир мени эч ким көрбөгөндөй,

Мага эч ким басып дагы келбегендей.

Жан дүйнөм ушунчалык кыйналып –

Көңүлүм ушунчалык ыйлап жүрөт.

Чындыгында эле Алыкул Осмоновду бардыгы билгендей, урматтагандай жана кам көргөндөй сезилгени менен акындын жан дүйнөсүнөн, руханий көрөңгөсүнөн жаралган ырларын же өзү айткандай «өңү өчпөс килемин» мүлдө кыргыз алигиче көтөрө албай жатканы жалганбы?! Мамлекеттик, улуттук идеология дегенибиз жөн эле куру сөз экен. Болбосо канча бийлик алмашты, ылаажы жок...

Бул ыр саптарын изилдеп-иликтөө, мурункулары менен салыштыруу адабиятчылардын, асыресе текстологдордун адистик милдети эмеспи.

Айтмакчы, Алыкулдун аян сымал ырларын алыскы Чоң-Алайдын Сары-Булак айылынын тургуну Бермет айым да укмак түгүл, кагазга жазып жатканын 2009-жылдарда эле эшиткем.

Бул маалыматтын эң кызыктуу эки нерсеси бар. Биринчиси – Алыкул көзү тирүү¬сүндө жазууга үлгүрбөй калган чыгармаларын Берметке жаздыртканы, экинчиси – калппы-чынбы билбейм, ошол ырлар жазылып бүткөндө Берметти Бишкекке барып, П.Казыбаевге жолугасың дегени... Булардын канчалык чындыгы бар экенин мезгил көрсөтөр. Анткени, Бермет айым акындын аян аркылуу жаздырткан ырларынын алгачкы бөлүмүн Дароот-Коргондо калтырып койгон имиш. Аларды жана кийинкилерин толуктап алып келмегин, ошого жараша акындын үй-музейине кирмегин, эң башкысы жайбашына барып куран окутмагын күтүп жүргөнүмө үч жылдан өтүп баратат... Бермет айым барсыңбы? Же улуу акындын аброю менен оокат өткөргөн жансыңбы?..

Андрей аттуу орус жигиттин ошол 18-июлда: “Бул жерде башынан катуу жаракат алган жана өлүмү да ошого байланышкан адамдын сөөгү коюлган” дегени таңдантты. Эгерде, буга ишенсек, Алыкулдун 1949-жылдын августунан өмүрүнүн акырына чейин ыр жазбаганы (чыккан китептери боюнча) ушундай кырсыкка байланышканбы? Ысык-Көлдө жүргөндө ка¬йыктын калагы тийдиби же “Победа” машинасынан бирдеме болгонбу... Айтор, көп суроо¬лор жаралды.

Андрейдин оюн Айгүл Майорова менен Мамыржан ажы да толуктаганы ойлонтуп койду. Андрейдин “Победа” машина жөнүндө боолгологону, Айгүлдүн бул адам эки жакка көп каттагандай түрү бар, кандайдыр такылдаган же гудокко окшогон үн угулууда дегендери да чындыкка жакын болду. Анткени, Алыкулдун Бишкектеги акыркы үйү, азыркы музейи темир жолго жакын.

Элдин жалпы колдоосуна ээ болуп, эң башкы байгени жеңип алган Фатима акындын алтымыш жылдан да мурда каза болгонун айтты. 200 сомдукту эмне үчүн сунуштаганын кийин гана баамдап, оозу ачылып турду.

Мамыржан ажы сөөк аялдыкы деп жаңылды.

Көрүүчүлөрдүн көбүнө жүрөгү менен өпкөсүн мыкчый кыйкырганы таасир эткен Асел айымдын башкалардан айырмасы – өткөн чак менен бирге келечекти да болжоп айтканы.

Ата-энесинен эрте калган, өпкөсү жабырланган, ата-эне мээримине толук канбагандай эле өзү да ата катары бактылуу эмес¬тигин, кичинекей чүрпөсүн көргөн маବлы жана анын эки жумалык жашоосу гана эң бактылуу кездери экендигин айтканы дал келип турду.

- Жакын арада алыска аттанат... Өзү эмес, анын ишин илгерилетип жүргөн, сакалчан, түктүү, жаш курагы 60-63төрдөгү адам, - дегенин укканда ишенбей да кеттим. Анткени, сөз мен жөнүндө эле.

Чынында ага чейин Грузия элчилери менен сүйлөшүп, ырларын грузин тилине котортуу жана экспонаттар алмашуу маселеси козголгон. Кытай кыргыздарына араб тамгасында чыгарылат деп беш томдугун менден 30-октябрда алып кетишкенде, Асел айымдын айткандары чындыкка тете келгенине ынандым. Эми, 2013-жылы Тбилисиге чакырганга аракет кылам деп кеткен Грузия элчиси Давид Мумладзенин айтканы ишке ашса, Асел айымдын касиети чын экендигине жана бир далил болмокчу.

Ток этерин айтканда, Алыкул Ос¬мновдун арбагын козгоп алганга жараша жапатырмак киришип, жүз жылдыгын 2015-жылы жүзүбүз жарык даярдыктар менен тосуп алалы, айланайын Ала-Тоонун атуулдары.

Бул боюнча кайрылуу акындын жалпы күйөрмандарынын атынан КР Баатырлары К.Кондучалова, С.Эралиев, С.Жусуев тарабынан КР Президенти А.Атамбаевге жөнөтүлүп, “Кыргыз Туусу” гезитине 2012-жылы 9-ноябрда жарыяланган.

P.S. Көзү ачыктардын жеңүүчүлө¬рүнө Баш байге гана берилгени, 2-3-орунду алгандарга жок дегенде көңүл жубатарлык акча бөлүнбөгөнүн эл айтууда.

Памирбек КАЗЫБАЕВ, “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин директору

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар...

Өлүм ак, пейли сараң, көңүлү тар,

Күчү жок бирок мени коркута алар.

Себеби, мен өлгөндө ордум басат,

Менден соо, менден жакшы, акылдуулар!

Кыргыз поэзиясынын чолпону аталган Алыкул Осмонов актуалдуу ойдун акыны. Анын ырын окуган адам ойго түшөт, таасирленет, кайра окугусу келет. Анда жасалма, куру кыйкырык жок, жөнөкөй жана жугумдуу саптар жүрөгүңө сүртүлүп кала берет.

Акындын адабиятка келген алгачкы кадамы Токмоктогу балдар үйүндө окуп жүр¬гөндө башталган. Ошондо эле А.С.Пушкинге таасирленип, “Кышкы кеч” аттуу ырын которгон.

1930-жылы республикалык «Сабаттуу бол» гезитине «Кызыл жүк» деген ыры жарык көрөт. 1931-жылы Жусуп Турусбековдун демилгеси менен «Ленинчил жаш» гезитине болочок акындын ырларына арналып атайын бет уюштурулат. Кийинки жылы А.Токомбаевдин жардамы менен «Чабуул» журналына ишке орношот. А.Токомбаевди ээрчип биринчи жолу Москва шаарына барат. Экөөнүн катар туруп түшкөн сүрөтү «Правдага» басылып чыгат.

1935-жылы «Таңдагы ырлар» деген ат менен алгачкы ырлар жыйнагы, 1936-жылы «Жылдыздуу жаштык» деген экинчи китеби басылып чыгат. 1937-жылдан 1940-жылга чейин Кыргызстан жазуучулар кошунунун коомдук башталыштагы жооптуу катчысы болуп иштейт. Кыргыз жазуучуларынан биринчи болуп «Ардак белгиси» ордени менен сыйланат. СССР жазуучулар кошунунун мүчөлүгүнө өтөт, кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвадагы декадасына катышат.

1940-жылы Алыкулдун котормосунда «Жолборс терисин кийген баатыр» Казандан латын тамгасы менен басылып чыгат.

1941-жылы августта Зейнеп Сооронбаевага үйлөнүп, кийинки жылы Жыпар деген кыздуу болот.

1945-жылы акындын чыгармачылыгынын жетилген чокусу катары «Махабат» аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагы жарыкка чыгат. Бир жылдан соң Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлөт. «Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланат.

1947-жылы «Менин жерим – ырдын жери» деген жыйнагы басылып чыгат. 1950-жылы Москвада орус тилинде «Мой дом» деген ырлар жыйнагы жарык көрөт.

Алп акындын турмушундагы кыйынчылыктар анын экинчи тагдыры болгон. Үч жашында томолой жетим калат. 1931-жылдан баштап сүзөктөгөн өпкө оорусуна кабылып, анысы ырбай баштайт. 1940-жылы «Лирика» аттуу китеп камдап, аны жактырбай өрттөп, чыгармачылык кризиске кабылат.

1945-жылы Мидин Алыбаевдин акынды нечен күн бою бүк түшүргөн «Мааниси жок махабат» деген кордоо макаласы партиялык гезитке басылат. 1948-49-жылдары кургак учук оорусу күчөп кетет.

Таланттуу акын 1950-жылы 12-декабр¬да көз жумат. Өкүнүчтүүсү кийинки бир жарым жыл ичинде жазган кол жазмалары уурдалып кеткен. Бирок анын поэзиясынын бийиктиги мезгил өткөн сайын, муундар алмашкан сайын жогорулап кете берет. Анткени ал нукура таза талант болуп туулган акын. Ал өзү мындай деген:

Токточу өмүр, токточу өмүр токтой тур,

Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары-сур.

Тил албассың, жоголо бер, кете бер,

Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.

Он беш жолу улам кайра туулуп,

Он беш жолу жашарбасам карап тур!

Ооба, кыялкеч келечекке ишенимдүү акын ар бир муун менен кайра туула берген ырлары аркылуу жылдыздай күйүп жашай берет.

Б.БУЗУРМАНКУЛОВА

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...