Акыркы макалалар

Жалал-Абад облусунун мечиттеринде коомдогу терс көрүнүштөрдү ооздуктоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун мечиттеринде коомдогу терс көрүнүштөрдү ооздуктоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз Закиров Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы «Ибрагим Халилулло» мечитинде өткөн жума намазда коомдогу терс көрүнүштөрдү ооздуктоо жана алдын алуу темасында баян кылды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Баян алгач салам-салаваттар менен башталып, андан соң “Зынанын кесепеттери”, “Лут пайгамбардын коомунун каргышка калып, азапка туш болгондугу-бачабаздык” тууралуу кеңири түшүндүрмѳберилди. Ошондой эле коомдогу ар түрдүү жаман жана уяттуу иштердин адамдардын жашоосуна терс таасирин тийгизээрин жана мындай кѳрүнүштѳрдүн тез аранын ичинде алдын алуу керектиги белгиленди.

Жума намазга 600гѳжакын шаар тургундары катышты.

КМДБнынтиешелүү буйругун ишке ашыруу максатында Жалал-Абад облусунун бардык мечиттеринде элди адептүүлүккө чакырган жума баяндары болмокчу.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...