Акыркы макалалар

Алтынбек Максүтов: "Туризмди өнүктүрүү үчүн түзүлгөн команда программасын 12- ноябрда сунуштайт "

Алтынбек Максүтов: "Туризмди өнүктүрүү үчүн түзүлгөн команда программасын 12- ноябрда сунуштайт "

Маданият, маалымат жана туризм министри болгондуктан өзүбүздүн көйгөйлөрдү айтуу эмес, аларды чечүү маселесинен баштайбыз. Программа дегенде бир гана министрликте иштеген кызматкерлердин эле эмес, бүгүнкү кырдаал менен өз идеясын сунуштап, аны ишке ашырууга жөндөмдүү тараптардын командасы чогулуп жатат.

“Кабар даамында” программасынын бул чыгарылышында Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов менен маек болду. Анда алдыдагы пландары, аны аткарууга каражатты жеткирүү маселеси, министрге жаңы шайланган мурунку режиссёрдун саясий кызматка даярдыгы тууралуу суроолорго жооп берди.

-Алгач алдыдагы иш планыңызга токтолуп өтсөңүз

Маданият, маалымат жана туризм министри болгондуктан өзүбүздүн көйгөйлөрдү айтуу эмес, аларды чечүү маселесинен баштайбыз. Программа дегенде бир гана министрликте иштеген кызматкерлердин эле эмес, бүгүнкү кырдаал менен өз идеясын сунуштап, аны ишке ашырууга жөндөмдүү тараптардын командасы чогулуп жатат. Туризм жаатын өзгөртүү боюнча атайын команда өз программасын 12- ноябрда презентациялайт. 3-ноябрда ушул эле маселе кино тарабында көтөрүлөт.

-Алдыдагы пландарды ишке ашырууга мамлекеттен бөлүнгөн каражатты жеткире аласызбы?

-Биздин министрликке мамлекеттин бюджетинин 3 пайыздан ашууну бөлүнүшү керек. Бирок, буга чейин анын 0,6 %дан азыр 1,1 %ы бөлүнүп келет. Чындыгында көйгөйлөрдү чечүүгө бул каражат аздык кылат. Жөнөкөй мисал, министрликтин алдында тосулган турникет да, көзөмөлдөөчү дагы жок. Мындан улам министрликке каалаган адам кирип алып кызматкерлердин башын ооруткан учурлар көп кездешет. Маданият министрлигинин деңгээлинен түшүп кетиши, биз өзүбүздү-өзүбүз сыйлабай калгандыктан чыгып жатат десек болот. Ойлосок, бул жаатка бөлүнгөн каражат аны кармап турууга араң жетип жатат. Курулган нерсени кармап тура берсек, ал бир күнү урап жок болот. Биз аны уратпаш үчүн кармап турууну башкы пландап койбой, жаратууну көздөшүбүз зарыл. Ошондуктан ушундай кичинекей нерселерди иретке келтирип алуу үчүн Каржы министрлигине кайрылып, мыйзам боюнча каралган акчаны алууга аракет кылабыз. Андан сырткары маданият жаатын көтөрүүгө көмөктөшөм деген биздин ишкерлер дагы бар. Биз өзүбүздү иретке келтирген соң алардын дагы колдоосун кабыл ала баштайбыз. Эгерде жалпыбыз бул тармакты өнүктүрүүгө кадам таштасак, анда биздин пландар ишке ашарына көзүм жетет.

-Айрым депутаттар кыргыздын мыкты режиссёрун жоготуп, жаман министр шайланып жатканы тууралуу айтышты. Бул пикирге сиз кошуласызбы?

-Мүмкүн чындыгында бул ошондойдур. Бирок, мен өзүмдүн мурунку тармагымдагы кылган ишимди аткарып бүттүм деп эсептейм. Ар бир адам өсүп-өнүгүп турууга милдеттүү. Мен дагы жаңы кызматты мыкты аткарганга аракеттенем. Башта келгенде көнбөгөндөн улам, бир документке кол коюуга 2 сааттык убактымды сарптап жаткам. Ошол учурда министрликке шайланып жатканда айтылган сындар эске түшүп, "бул кызматты аткара аламбы" деген суроо келди. Эми болсо аздап үйрөнүп баратам. Тескерисинче, ошол сындар менин мыкты иштешиме өбөлгө түзөт.

-Жакынкы күндөрдөгү маанилүү иш-чараларыңыз кандай?

-Маданият күндөрү өтөт. Маданият тармагын баардыгы унутта калтыргандыктан, 31-октябрда кыргыздын туризм тармагынын көркүн ачуучу жерлер тандалып, бир сааттык майрамдык иш-чара белгиленет. Ал тартылып, интернетке жарыяланат. Бул дагы Кыргызстандын туризм өнүктүрүүгө өз салымын кошот. 1-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда саат 14төн 19га чейин майрамдык иш-чара өткөрүлөт. 2-ноябрда ММК жаатындагы иштер болот. 27-29-октябрда Сочиде КМШ өлкөлөрүнүн Маданият министрлеринин жолугушуусу болот. Анда карым-катнаш, биримдик, саясий маселелер талкууланат.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...