Акыркы макалалар

Жоомарт Оторбаев: "Түштүк кышка чейин көгүлтүр от менен камсыздалат"

Жоомарт Оторбаев: "Түштүк кышка чейин көгүлтүр от менен камсыздалат"

Декабрга чейин Ош жана Жалал-Абад аймактары жаратылыш газы менен камсыздалат. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын билдирүүсүндө учурда өкмөт “Газпром” менен иш алып барып, маселени чечүү жолуна жакындап калды. Ал эми жаратылыш газы келгенге чейин элге бекер меш(плита) менен газ баллондор таркатыла бермекчи.

“ГазпромКыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун маалымат катчысы Рысбек Арунов бүгүнкү күндө өзбек тарап менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп жатканын маалымдайт. "Анткен менен көгүлтүр оттун түштүккө кайсыл убакта берилери тууралуу так маалымат жок",- дейт.

Энергетика тармагындагы эксперт Эркин Абдразаков өкмөт башчы бул маселе чечилгенин келишимге келген соң жарыяласа болмок. Өзүбүздөгү газ менен Жалал-Абаддын 30 пайызын камсыздаса болот. Ал эми декабрга чейин Ошко газ берилет деген сөз чындыкка коошпойт дейт. Анын үстүнө Газпромдун азыр Өзбекстанга таасир берчү күчү жок болгондуктан сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгарына ишеним аз экенин Абдразаков кошумчалайт.

Ош жана Жалал-Абадда көгүлтүр оттун берилбегенине 6 ай болуп калса да, кыргыз өкмөтү жана Газпромдун “УзтрансГазга” кайрылууларынан майнап чыкпай келет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...