Акыркы макалалар

КТРКны коомдук кылууга аракет кылган Редакциялык кеңешчи институту

КТРКны коомдук кылууга аракет кылган Редакциялык кеңешчи институту

Коомдук биринчи каналдын Редакциялык кеңешчиси (Акыйкатчы) институту 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ишке кирген.Бул жаңы институт, иштеп жатканына болгону 3 жылдын жүзү болсо дагы коомдук каналга болгон элдин ишенимин арттырууга өз салымын кошуп келет. КТРКнын Байкоочу кеңешине караган эч кимге көз карандысыз өз алдынча кызмат болуп саналат. Редакциялык кеңештин башында белгилүү журналист Тамара Валиева иш алып барат.

Телекөрүүчүлөрдүн жана радиоугармандардын укуктарын жана эркиндиктерин Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында, атап айтканда, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» КР мыйзамында, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга жетүү жөнүндө» КР мыйзамында, «Маалыматка жетүү эркиндиги жана кепилдиктери жөнүндө» КР мыйзамында, “КТРК жөнүндө” мыйзамда, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда, ошондой эле ушул Жободо көрсөтүлгөндөй коргоо. Редакциялык кеңеш көрөрмандардан жана угармандардан келген арыздарды, каттарды КТРКнын директоруна жана Байкоочу кеңешине токтоосуз кирип жооп алууга укуктуу. Бул орган мына ушунусу менен эл менен КТРКны байланыштырып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кошумчалай кетүүчү нерсе, Редакциялык кеңешчи КТРКнын Байкоочу кеңешинин, саясий партиянын мүчөсү боло албайт, башка маяналуу жумуштарга иштей албайт, бирок, өзүнүн жеке аналитикалык чыгармачылыгы менен алектене берет.

Телефон аркылуу күн сайын эртең мененки саат 9тан кечки саат 6га чейин телекөрүүчүлөр, радиоугуучулар арыз-муңдарын, сунуштарын калтырат. Демек, урматтуу окурмандар коомдук каналдын ар бир көрсөтүүсүнө сиздин дагы сунушуңуз, сын пикириңизди көз карандысыз Редакциялык кеңешчи аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ал телефондун номери күндө КТРКда “Суроолор, сунуштар, арыздарыңыз болсо, 65-67-21 телефонуна чалып кайрылсаңыздар” деп титр менен берилип турат. Бул көрөрман, угармандардын бизге кайрылуусунун бир жолу.

Экинчи жолу - электрондук почта (rkktrkkg@gmail.com) аркылуу байланышка чыгуу. Ошондой эле социалдык тармактар аркылуу кайрылышса болот. Фейсбук, www.ktrk.kg сайтында жана башка социалдык тармактарда КТРК боюнча эмнелер жазылып жатканына мониторинг жасалат. Түшкөн ар бир суроолорду КТРКнын жетекчилигине, ар бир кызматкерине жеткирүү жана жооп алып берүү иштерин ушул Акыйкатчы институту аткарат. Андан сырткары, www.ktrk.kg сайтында Редакциялык кеңешчинин атайын баракчасы жайгаштырылган. Ошол жерге да жазып койсо болот. Редакциялык кеңешчи менен байланышуунун мына ушундай ар кыл жолу бар. Башкача айтканда, Редакциялык кеңешчи КТРК менен телекөрүүчүлөрдүн жана радиоугуучулардын ортосунда көпүрөлүк милдет аткарат.

Редакциялык кеңешчинин башчысы Тамара Валиеванын айтымында телекөрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү сериалдарга жана жаңылыктарга ар кандай сын пикир, сунуштарын билдирип кайрылышат.

--Түрктөрдүн “Даңазалуу доор” фильми көрсөтүлүп жатканда күнүгө он чактыдан кем эмес киши чалып, бири: “Жарнама көп кетип, көрүүгө тоскоол болуп жатат”, - десе, айрымдары: “Сериалды узагыраак көрсөтпөйсүңөрбү”, - деп суранышат. Андан сырткары телекөрүүчүлөр кандайдыр бир чиновниктердин туура эмес иш аракеттерин, коррупциялык көрүнүштөрүн КТРКнын Редакциялык кеңешине айтып коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө чоң жардам берери турган иш.

Ар бир теле берүүнүн өзүнүн күтүп көрө турган күйөрмандары болот эмеспи. Ошондуктан ар бир телепрограмманын арыздануучусу, каалоо айтуучусу, сунуш берүүчүсү сыяктуу маселелер менен кайрылып турат. Эгер көз карандысыз Акыйкатчы институту жок болсо телекөрүүчүлөр ачык жооп алат беле, бир кудай билет.

Редакциялык кеңеш долбоор аркылуу каржыланып келет, бирок долбоордун мөөнөтү бир жылдан беш жылга чейинки убакытты камтыйт. Эгер долбоор бүтсө редакциялык кеңештин иши токтоп калуу коркунучу бар. Институтту КТРК өзүнүн каржылоосуна алсын деген сунуштар түшкөн. Бирок, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери көз каранды органга айланып калуусунан чочулап баш тартышкан. Демократиялык мамлекетте президенттен баштап айыл өкмөтүнө чейин ар бир ишинин элге ачык-айкындуулугу маанилүү экендигин башыбыздан өткөрдүк. Ошого байланыштуу КТРКнын коомдук деген атына жараша ишин дагы коомдук кылууга негизги себепкер болуп жаткан Редакциялык кеңештин иши маанилүү экендигин баса белгилегибиз келет.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...