Акыркы макалалар

Мусулмандардын ислам тууралуу билимин жогорулатуу керек

Мусулмандардын ислам тууралуу билимин жогорулатуу керек

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орусия мусулмандарынын борбордук дин башкармалыгынын муфтийи Шейх Талгат Сафа Таджуддин менен жолугушту. Шейх Талгат Сафа Таджуддиндин атайын чакыруусу менен муфтий Максатбек ажы Токтомушев Уфада өткөн “XXI кылым билим мейкиндигиндеги Исламдын баалуулуктары жана идеалдары”-аттуу VII эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Муфтий Максатбек ажы маалымдагандай, жолугушуунун алкагында Ислам дининин светтик коомдогу өнүгүп өсүүсү, экстремизм көйгөйү жана мусулмандардын билим деңгээлин жогорулатуу маселелери талкууланды.

“Кыргызстандагы экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча талкуулар болду. Ошондой эле Ханафий масхабын жайылтуу жана Орусия менен тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп, академик, профессор, докторлор менен жыйналыш өттү. Исламдагы негизги баалуулуктардын бири билим берүү тармагына сабаттуулуктуу көтөрүү жаатында 2 күндүк конференция болду”.

Муфтий Максатбек Ажы Токтомушев Орусияга болгон сапарында, ал жактагы кыргызстандык мигранттар менен жолугун, алардын бир топ суроолоруна жооп берген. Муфтийдин жардамчысы Улан Ибраевдин айтымында, бул жолугушууда мусулмандардын билим деңгээлин жогорулатууга басым жасалган. Жакынкы күндөрү Кыргызстандагы дин тармагындагы адистерди аттестациядан өткөрүүгө иш-аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

“Конференциянын негизги маңызы билимдүүлүк болду. Жаштарды ислам тууралуу туура билимге ээ кылсак, анда алар ар кандай азгыруулардан алыс болот. Антпесек жаштардын көбү экстремисттик топторго кирип кетет. Мына ушул сыяктуу маселелер айтылды. Азыр муфтий Кыргызстандагы казы, имам, дин тармагындагы адистерди аттестациядан өткөрүү иш-аракетин баштады”.

Акыркы учурларда өлкөдөгү экстремизм, сепаристик топтордун көбөйүп жана бул топторго мүчө болуп жаштар кошулуп жатат. Мунун негизги себеби ислам тууралуу билимдин жетишсиздиги деген пикирин билдирген Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Кыргызстан Бажы биримдигине кирип, Орусия менен байланышты күчөтсө, биз руханий байланышты күчөтүп, келишим түзүп жатабыз деп кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...