Акыркы макалалар

Ошто газ да, свет да жок

Ошто газ да, свет да жок

Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясына байланышкан жаңы тарифтик саясат боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга 14-октябрда алып чыкккан. Бүгүндөн тарта өкмөт өкүлдөрү аймактардагы калкка түзөтүлгөн тарифтик саясат боюнча коомдук угууларды өткөрө баштады. Бүгүн талкуулар Кара-Көлдө, Ошто, Ала-Букада өттү. Жаңы тариф саясатына ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандарга 70 тыйындан, андан ашкандарга 1 сом 20 тыйындан төлөө каралган. Муну менен катар бүгүндөн тартып, Ошто күндүзү жарык 6-8 сааттан өчүрүлө баштайт. “Ош электро” ишканасы муну кышка даярдануу үчүн ремонт иштерине байланыштуу экенин билдирди. Мына ушул тариф саясаты жана элдин электр өчүрүүлөргө даярдыгы тууралуу Ош шаардык кеңештин депутаты Нуркыз Кадырбекова менен маек курдук.

-Бүгүн Ош шаарында электр энергиясына байланышкан жаңы тарифтик саясат боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Мына ушул тариф саясатына сиздин пикириңиз кандай?

-Бир нерсени талап кылуудан мурун алгач жасап көрсөтүш керек. Мындай болгондо өсүүлөр болот, же жоготуулардын орду толот дегендей, жандуу механизмдер менен сунуштар көрсөтүлсө, мамлекеттин казынасы жупуну болгону менен эл арасында бардар адамдар көп. Эгерде азыркы сунуштап жаткан тариф саясаты жыйынтык берсе жакшы, бирок ушул сунушту фактылар менен далилдеп сунуштаса жакшы болмок.

-Учурда Ош шаарында электр өчүрүүлөр болуп жатканы маалым. Бирок ар ким ар кандай саатты айтып жатышат. Негизинен канча сааттан өчүрүлүп жатат?

-Шайлоочулардан чалуулар, даттануулар болуп жатат. Өзгөчө жер тамда жашагандар. Алар саат канчада же канча саат өчүрүлөрү тууралуу кабар берип койсоңор болмок. Жок дегенде ММКлары аркылуу элге айтып койсоңор дешет. Чындыгында тиешелүү тармак тараптан элге маалымат берилбей жатат. Мындай мамиле биринчиден элдин нааразычылыгын, экинчиден ишкерлерге тийгизген зыяны аркылуу шаардын казынасынын кирешесинин төмөндөшүнө алып келүүдө. Өзүбүздүн фракциянын жыйынында мен бул маселени көтөргөм. Элге жок дегенде болжолдуу саатты айтып өчүрсөңөр деп. Ошого карата эл да ыңгайлашмак.

-Сиздин бул сурооңузга кандай жооптор болууда?

-Орустун “Девчата” деген жакшы кино тасмасында “зделаем” деген “прораб” бар. Ошондой эле “болот”, “жасайбыз” деген жооптор. Мэриянын кызматкерлери, электр жогорку кубатты бөлүштүрүү, шаардык тейлөө кызматтары бири-бири менен келише албай жатышат окшойт. Азыркы трансформатрлар бир үйдө бир телевизор, бир үтүк, бир муздаткыч бар кезде коюлган. Ал эми учурда андай эмес. Үйлөрдө кир жуугуч машина, тамак жылыткыч, ж.б электр кубаты менен иштеген техникалар бар. Булар талап кылган электр кубатын трансформатрлар көтөрө албайт. Кыскасын айтканда мындай кадамдар менен маселе чечилбейт. Бүгүн жаңы министрди бекитишти. Балким жаңы кадамдарга барып, бул маселелер чечилип калаар.

-Бүгүн маалым болгондой, өчүрүүлөр күндүзү 6-8 саттан болору айтылды. Мындай кадамдага кандай дейсиз?

-Быйыл газ жок, өчүрүүлөр болот дегенге шаардын эли психологиялык жактан даяр. Болгону сааты менен өчүрүш керек. Жылуулук системасын менен камсыздоо шаар элинин 65 пайызын түзөт. Калган 35 пайызында сөзүз нааразычылык болушу мүмкүн. Айта кетчү нерсе, бир эле трансформатрга жеке жер үйлө ошол эле учурда көп кабаттуу үйлөр туташкан. Менин таң калганын буларды кантип бөлүшөт. Элге электр плиталарынын ордуна чубалгылар менен трансформатрларды бөлүүгө же болбосо кичине чубалгыларды көтөрүмдүү жоон чубалгыларга алмаштырганга багыттасак жакшы болмок деп айткам. Алар Орусия берген грант максатсыз болуп калат деп, электр плиталарды таратышты. Бирок кимдерге таратышты мен жакшы билбей калдым. Балким тараткандыр.

-Электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү тууралуу тарифтик саясатты президент Атамбаев сынга алган. Ал эми сот бул долбоорду жокко чыгарган. Бирок буга карабастан долбоор коомдук угууларга коюлуп жатат. Эл өкүлү катары буга пириңиз кандай?

-Мамлекет башчынын сынына карабастан, өздөрүнүн ишин алып барып жатышканан улум булардын да бир билгени барбы деген ой келет. Буга чейин электр тармагына 3 жолу баа көтөрүүлөр болду. Бирок тейлөө тармагында жеңилдөөлөр, жакшыртуулар болгон жок. Бул өңүттөн алып караганда бааны көтөрүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Эл өкүлү катары электр энергиясынын кымбаттоосуна каршымын.

-Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...