Акыркы макалалар

Кыргызстан сапатсыз дары-дармектин таштандысына айланган

Кыргызстан сапатсыз дары-дармектин таштандысына айланган

22-октябрда Бажы союзуна киргенде Кыргызстандын базарындагы дары-дармекке кандай таасир тийгизери боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Бул жыйын дарыгерлер, фармаколог адиси жана бейөкмөт уюмунун координаттары тарабынан уюштурулган. Жыйында Бажы союзуна карата мыйзам долбоорлордун угууларына тиешелүү адистер киргизилген эместигин дарыгер Бурул Макенбаева билдирет.

"Негизи Кыргызстанда дары-дармек чыгарылуучу ишкана жана мамлекетке тиешелүү бир дагы дарыкана жок. Бүгүнкү жыйында мамлекетке дары-дармектин 50 пайызы Орусиядан киргизилет деп сөз болду. Ошондой эле Кыргызстан сапатсыз дары-дармектердин таштандысына айланды деп айтылды. Негизинен Орусияда 400дөй дары чыгарган компания бар экени айтылат, бирок анын ичинен Орусия өзү бир эле компаниянын дарыларын колдонот. Ал эми бизге болсо, бир канча ишкананын продукциясы келип жатат. Ошондой эле дүйнөдө көп колдонбогон дарылар бизге дагы деле Орусия аркылуу келип жатат. Анын жыйынтыгы оор дартка алып келиши мүмкүн", - деди фармаколог, дарыларды рационалдуу колдонуу эксперти Бактыгүл Камбаралиева.

Биз бул маселе боюнча дары-дармек камсыздоо жана медициналык техникаларды көзөмөлдөө департаментине кайрылдык. Аталган департаменттин жетекчиси Рустам Курмановдун пикирине караганда, Бажы союзуна киргенде эч кандай кооптонуулар болбосун жана Орусиядан 16 пайыз гана дары келерин билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...