Акыркы макалалар

Депутат: Дүйнөдө мунай 80 тыйынга арзандаса, бизде бензиндин баасы өсүүдө

"Дүйнөдө мунай 80 тыйынга арзандады, ал эми бизде бензиндин баасы өсүүдө". Мындай пикирин бүгүн, 23-октябрда парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынан депутат Исмаил Исаков билдирди.

Учурда доллардын курсу 56 сомго жеткендигин айткан депутат мамлекеттин экономикасы нөлгө жеткенде ушундай абал түзүлө тургандыгын баса белгиледи.

"Учурда мунай 80 тыйынга арзандап жатат. Ал эми бизде бензин 30 пайызга кымбаттады. Доллардын курсу 54 сомго чыкканда, өз арызы менен дедиртип өкмөт Улуттук банктын төрайымын кызматтан кетирди эле. Азыркы жетекчинин арызы эмес, өзү дагы жок. Бул боюнча өкмөт эмне иш жасап жатат? Учурда биз бир монополистти киргизип алдык. Бул боюнча көпчүлүк коалиция жоопкерчиликти өз мойнуна алсын же акырын өкмөттү узатып коёлу",- деди ал.

Ошондой эле депутат учурда шаардагы, айрыкча Ош базарынын айланасында болуп жаткан баш аламандыкка токтолду.

"Маселен, Иса Өмүркулов калаа башчысы болуп турганда Ош базарынын тегерегин ирээтке келтирип койгон. Азыр ал жерден өткөнгө мүмкүн эмес. Бул маселени бирөө-жарым көзөмөлгө алабы? Мунун бардыгына ким жоопту? Албетте, өкмөт. Аларды шайлаган көпчүлүк коалициясы",- деди депутат.

Шаардагы тазалык маселесине "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Майрамкүл Тиленчиева дагы токтолду.

"Учурда шаарда таштандылар көбөйдү. Шаар тургундары жашаган жеке менчик үйлөрдүн тегерек-чети антисанитардык абалда турат. Эл нааразы болуп жатат. Ал эми борбордук бөлүктөгү таштандыларды мэрге кайра-кайра чалып жатып араң чыгартып жатабыз. Мэрия бул маселе боюнча өз милдетин сезеби? Шаарды ирээтке келтирүү, инвестиция тартуу, таштандыны кайра иштетүүчү ишкананы ачуу боюнча мэриянын атайын иш планы болушу керек. Учурда мэрдин эмне иш кылып жаткандыгы белгисиз. Анын бар жогу билинбейт",- деген нааразы пикирин билдирди депутат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...