Акыркы макалалар

"Кумтөр"эмес "Куттуу-Сай" баш ооруга айланат окшойт

"Кумтөр"эмес "Куттуу-Сай" баш ооруга айланат окшойт

Кыргызстанда "Куттуу-Сай" кенине байланышкан чатак кызыды. Дооматтан улам "Кыргызалтындын" акциялары камакта калды.

14-октябрда Канаданын Онтарио провинциясынын Жогору Соту мамлекеттик үлүшү 100 пайыз болгон "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун (ААК) Канаданын Centerra Gold inc. алтын казуучу компаниясындагы 47 млн акциясын (60 пайызы) аталган өлкөнүн "Стэнс Энержи Корп" (Stans Energy Corp) компаниясынын талабы боюнча камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды. Соттун чечимине ылайык Кыргызстан менен "Кыргызалтынга" Centerra Gold компаниясында катталган жалпы саны 77 миллион акциясынын 47 миллионун сатуусуна, жок кылуусуна, алмашуусуна, күрөөгө коюсуна тыюу салынды. "Кыргызалтындын" акциялары Stans Energy Corp. Кыргызстандан 118 млн доллар доосун өндүрө албай жаткандыктан улам камакка алынышы Кыргызстандагы акыркы аптадагы маанилүү жагдайга айланды жана буга өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дагы өз пикирин билдирип чыкты.

"Түзүлгөн кырдаал үчүн айыпты Кыргызстандын ошол кездеги бийлигине тагуу менен бирге, биз кыргыз бийлигинин терс жактарын Канаданын инвесторлору дагы пайдаланып жаткандыгын белгилебей кое албайбыз. Сөз 90-жылдардын башталышындагы алгачкы макулдашуунун Кыргызстан үчүн өтө пайдасыз шарттары жана 2003-жылдагы долбоорду реструктуризациялоо абдан жаман жүргүзүлгөндүгү туурасында жүрүп жатат. Тилекке каршы, канадалык азыркы өнөктөштөр болгон Centerra Gold inc. менен өз ара пайдалуу консенсуска жетишүү боюнча Кыргыз республикасынын кийинки аракеттери азыркы күндө биз каалаган жыйынтыктарды бербей жатат. Акыркы жылдары ошол эле Канаданын сотторунда "Кыргызалтын" ААКына таандык акцияларды камакка алуу тууралуу Кыргызстанды кысмакка алган чечимдерди кабыл алуу боюнча прецедент түзүлдү. Оболу 2012-жылдын 17-августунда "Ак кеме" мейманканасынын тегерегиндеги мүлк талаш боюнча Sistem Muhendishlik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S. түрк компаниясынын доо арызын камсыз кылуу боюнча чечим кабыл алынды. Эми болсо, 2014-жылдын 14-октябрында "Куттуу-Сай-2" сейрек кездешүүчү металл кенинин тегерегиндеги чарбалык талаш боюнча канадалык Stans Energy Corp. кен казуу компаниясынын талабы боюнча чечим кабыл алынып жатат",- деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Сөз башынан болсун

Адистердин пикиринде "Куттуу-Сай" сыяктуу сейрек металлдар кени дүйнөдө беш жерде гана бар. Мындай кендер Кытайда, Түштүк Кореяда, Япония жана Малайзияда жана Кыргызстанда жайгашкан. Кенден алына турган сейрек металлдар уюлдук телефондорду жасоодо колдонулат. Сейрек кездешчү металлдарды казып алуу жана иштетүү тармагынын 96 пайызына Кытай ээлик кылары белгилүү.

Расмий түрдө "Куттуу-Сай-2" деп аталган кенде сейрек металлдар, висмут, молибден жана күмүш бар экени аныкталган. Кемин районунун жайгашкан кен сейрек кездешүүчү элементтердин оор тобундагы иттрий, ниобий, диспрозий, турбий жана европий элементтерине бай экенин да адистер белгилешет.

Канаданын "Stans Energy Corp" тоо кен компаниясы өз кезегинде Кыргызстанга "Stans Energy KG" жоопкерчилиги чектелген коомун түзүп, ага караштуу "Кутисай Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомун каттоодон өткөргөн. Ошол эле "Stans Energy KG" компаниясы 2009-жылы Чүй областынын Кемин районунда жайгашкан "Куттуу-Сай-2" жана "Калесай" кендерине геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө жана кенди иштетүүгө лицензия алган.

2013-жылы январь айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ""Кутесай майнинг" 2010-2011-жылдарда өзүнүн лицензияда көрсөтүлгөн милдетин аткарбаганына карабай, келишим мөөнөтүн узартып берген",- деп Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчилигине карата кылмыш ишин козгогон. Иш Бишкектин райондор аралык сотуна жөнөтүлүп 2014-жылдын 19-мартында сот лицензия берүү мөөнөтүн узартуу мыйзамсыз болгон деген чечим кабыл алган.

"Кутесай майнинг" компаниясы Башкы прокуратуранын койгон дооматын негизсиз деп таап, 2010-2011-жылдары компания белгиленген иштин көлөмүн форс-мажор жагдайынан улам, тагыраагы өлкөдөн ошол кездеги президент Курманбек Бакиев качып кетип, мамлекеттик органдар менен иштешүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан улам келип чыккан деп түшүндүргөн. Компаниянын ырасташынча, Мамлекеттик геология агенттиги эки жыл аралыгында баардык тоо кен компаниялары менен иш планын макулдашкан эмес жана отчетторун кабыл алган эмес.

Ушуну бетине кармаган компания Москвадагы соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык коммерциялык арбитраждык сотко кайрылып, кенди иштетүүгө берген лицензиянын мөөнөтүн негизсиз токтотуп салгандыгы үчүн кыргыз өкмөтүнөн 118,2 млн доллар талап кылган. Арбитраждык сот кыргыз өкмөтүнө каршы чечим кабыл алып, негизги коюлуп жаткан доомат үчүн Кыргызстан - 117 млн 740 миң доллар, арбитраждык төлөмүн компенсациясы үчүн - 158,974 мин доллар, соттук чыгымдар үчүн - 308,142 миң долларды компанияга төлөп берүүнү милдеттендирген.

2014-жылдын 19-сентябрында КМШнын Экономикалык соту Кыргызстандын позициясын колдоп "Стэнс Энержи Корп" компаниясынын дооматын жокко чыгарган.

Ошондон кийин компания Канаданын Онтарио сотуна кайрылып "Кыргызалтындын" акцияларын камакка алууга жетишти.

"Кумтөрдөн" беш эсе кымбат кен

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин пикиринде Куттуу-Сай кени Кумтөрдөн беш эсе кымбат турган кен. "Парламент эки аптанын ичинде Канаданын компаниясынын лицензиянын чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алган. Бирок өкмөт аны аткарбай компания жагдайдан чыгып кетиш үчүн ишти сегиз айга чейин созду. Биздин өлкөдөгү зор өнөр жай потенциалына ээ болгон кендердин бири - Куттуу - Сай (Кутесай II) кени. Ал республикада гана эмес, дүйнөдөгү сейрек кендердин бири. Бишкектен болгону 137 чакырым аралыкта, ири жол түйүнүнө жакын жайгашканы, зарыл болгон инфраструктуранын бар экендигинен улам кендин инвестициялык жагымдуулугу да жогору. Эксперттердин берген баасы боюнча кенде 20 мдрд. долларга баалана турган пайдалуу кен байлык бар. Бул өлкөнүн 10 жылдык бюджети десек да болот. Тилекке каршы, кендин айланасында түзүлгөн жагдай уламдан-улам чаташып, республика үчүн имидждик жактан гана эмес, каржылык жоготууга дагы алып келе турган ири чатакка айланып бара жатат",- деп белгилейт Иманалиев.

Кенчилердин кендирин кесип жатышабы?

""Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун акцияларын камакка алуу мыйзамсыз, анткени жеке менчик компания өкмөттүн чечими үчүн жооп берүүгө тийиш эмес. "Кыргызалтын" ачык акционердик коому мамлекеттик үлүшү болгонуна карабай, жеке менчик компания. Ал ар кандай жагдайлар үчүн Кыргызстандын өкмөтүнүн чечимине жооп бербейт. Бул жагынан Канаданын соту ашыкча кетти",- деген пикирин билдирди Кыргызстандын Тоо өнөр жайчылары жана геологдору ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев.

""Кыргызалтындын" акцияларынын камакка алынышы боюнча жагдай тоо кен тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясаттын, башкаруунун жана схеманын жоктугунун айкын далили. Учурунда "Куттуу-Сай" кенинде 140 киши эмгектенип, акча каражаттары, кенди иштетүү программасы болгон, бирок белгисиз себептерден улам депутаттар кенди иштетүүгө тоскоол боло башташты. Акыры аягы күч менен тартып алышты көрүнөт, кен эки жылдан бери иштебей токтоп турат, мындан биз эле зыян тарттык",- деп кошумчалады ал компаниянын иши тууралуу токтолгон кезде.

КРдин Тоо өнөр жайчылары жана геологдору ассоциациясынын мүчөсү, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов учурда өлкөнүн тоо кен тармагы кыйын акыбалда турганын, "Кумтөргө", "Куттуу-Сайга" байланыштуу жагдайлар Кыргызстандагы кендеринин айланасында болуп жаткан кырдаалдардын көрсөтмөсү экенин айтат.

"Өлкөнүн тоо кен тармагынын абалы оор, тиешелүү көңүл бурулбай жатат. Кенге байланышкан жагдайлардын баары жетекчилердин компетенттүү эмес болгонунан келип чыгууда. Ал тургай тең тоо кенчилер менен геологдордун айырмасын билишпейт. Тоо кен өнөр жайын геологдор эмес, кенчилер иштетиши керек. Милиционерлер деле кенчи кылып дайындап жатышат. Ушундай да болчу беле?",- дейт Мамбетов.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Кыргызстан "Куттуу-Сайга" жана "Кыргызалтындын" акцияларынын камакка алынышы боюнча иште өзүнүн кызыкчылыгын сотто коргоону улантарын билдирди.

Кептин кыскасы, Кыргызстан доочуга 118 миллионду төлөп берип кутулабы же сотто кызыкчылыгын коргоп калабы аны убакыт көрсөтөт. Бирок убагындагы туура эмес кылынган иштердин аягы басылбай, инвесторлор менен жең ичинен келишим түзгөн жемкор жетекчилердин колу менен кылганын Кыргызстан мойну менен тартып жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...