Акыркы макалалар

Басма сөз катчы: Жылдызкан Жолдошова эки партиянын съездине чакырылган

"Ата-Журт" фракциясынын бардык депутаттары, алардын катарында Жылдызкан Жолдошова жеке өздөрү же жардамчылары аркылуу жыйынга чакырылган". Мындай маалыматты бүгүн, 21-октябрда "Ата-Журт" партиясынын басма сөз катчысы Шукхарт Айтиев "Кабар ордого" билдирди.

Анын айтымында, "Ата-Журт" жана "Республика" партияларынын биргелешкен жыйынын өткөрүү боюнча уюштуруу штабынын мүчөсү катары, ага Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарын жыйынга чакыруу боюнча уюштуруу штабдын тапшырмасы берилген.

""Ата-Журт" фракциясынын бардык депутаттары, алардын катарында Жылдызкан Жолдошова жеке өздөрү же жардамчылары аркылуу жыйынга чакырылган. Депутаттардын көпчүлүгү жыйынга катышты, кээ бирөөлөрү кандайдыр бир себептер менен катыша алышкан жок. Жолдошова жыйынга катыша албай тургандыгын билдирген. Жогорку Кеңештин депутаттарын жыйынга чакыруу иш-аракети Уюштуруу штабы тарабынан жүргүзүлүп, бул процесске Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабанов кийлигишкен эмес",-деди ал.

Ошондой эле Айтиев, Ташиевге кайсыл бир саясий күчтөр Жылдызкан Жолдошованы лидерликтен жана "Ата Журт" партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарсаң сенин соттолгондугуңду жоёбуз деген убада беришкендиги тууралуу маалымат боюнча кабары жок экендигин билдирди.

Буга чейин Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова "Ата-Журт" жана "Республика" партияларынын съездине Камчыбек Ташиев аны чакырбагандыгын айтып, Ташиев кайсыл бир саясий күчтөр тарабынан Жылдызкан Жолдошованы лидерликтен жана "Ата Журт" партиясынын мүчөлүгүнөн чыгаруу буйрутмасын алгандыгын маалымдаган.

Эскерте кетсек, 20-октябрда Бишкекте "Республика" менен "Ата-Журт" партияларынын съезди өтүп, эки партиянын бириккени съезде расмий түрдө жарыяланган. Алар бириккен жаңы партияны Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүшүп, аны "Республика Ата-Журт" деп аташкан. Ошондой эле Өмүрбек Бабановду жана Камчыбек Ташиевди бирдей укук менен тең төрага кылуу чечими кабыл алынган. Жыйынга "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү жана фракция лидери Жылдызкан Жолдошова келген эмес.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...