Акыркы макалалар

Дизайнер Оскар де ла Рента жарык дүйнө менен кош айтышты

Дизайнер Оскар де ла Рента жарык дүйнө менен кош айтышты

21-октябрда АКШнын 82 жаштагы белгилүү дизайнер Оскар де ла Рента жашоо менен кош айтышты. Бул тууралуу Нью-Йорк таймс гезитине шилтеме берип, Интер факс жазып чыкты.

Де ла Рента - улуту боюнча доминикан. Ал 18 жашында өзүнүн туулуп өскөн жеринен кетип, сүрөт тартууну үйрөнүүнү чечкен. 28 жашында тааныш бийкечке көйнөк тигип берет. Ал көйнөк белгилүү бир журналдын негизги бетине чыгып, де ла Рента Италиянын Баленсияга мода үйүнө иштөөгө сунуш алат. Кийин Америкага келип, мода үйлөрү менен иштешип жүрүп, Американын жарандыгын алган.

Де ла Рентанын кийимдерин Жаклин Кеннеди, Ненси Рейган жана Мишель Обамалар кийген.

Ал көптөгөн кайрымдуулук иштери менен да белгилүү. Мисалы: өзүнүн туулуп өскөн жерине Каса дел Нино аттуу жетим балдар үйүн куруп берген.

Дизайнер эки жолу үйлөнгөн. Акыркы сегиз жылдан бери рак оорусу менен алышып жүргөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...