Акыркы макалалар

Эбола вирусунан БУУнун бир кызматкери көз жумду

Эбола вирусунан БУУнун бир кызматкери көз жумду

Өткөн дем алыш күнү Сьерра-Леонеде БУУнун бир кызматкери Эбола вирусунан каза болду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү БУУнун өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.

Анын айтымында, көз жумган кызматкердин аялы ооруканага жаткырылды.

Либерияда жугузуп алган дагы бир БУУнун бир кызматкери ушул айдын башында Эбола вирусунан Германияда көз жумган.

Эбола вирусу Африканын батыш тарабында кулачын жаюуда. Андан өмүрү менен кош айтышкандардын саны 4,5 миңге жеткен. Нигерияда, Сьерра-Леонеде, Гвинеиде жана Либерияда Эбола вирусу көп катталууда

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...