Акыркы макалалар

Нарын казыяты муктаждарга эт, көмүр таратууда

Нарын казыяты муктаждарга эт, көмүр таратууда

19-октябрь күнү Нарын шаарында жашаган аз камсыз болгон 170 үй-бүлөнүн тизмеси такталып, ар бирине 1 тоннадан көмүр жана 3,5 кг эт жардам катары таркатылууда. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

“Кыш жакындап, суук түшө баштаган мезгилде бул берилген көмүр колунда жок адамдар үчүн аябагандай чоң жардам. Мындан сырткары 40 койду малынын зекети катары берип, этин ошол эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр менен бирге таратылууда. Жардам катары берилген көмүрдү алып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз өздөрү алып кетишсе, ал эми эч мүмкүнчүлүгү болбогон мекендештерибиздин үйлөрүнө атайын жүк ташуучу унаа менен жеткирилип берилүүдө”,- деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...