
Дагы бир жолу нараазычылыкка чыккан Германиянын Lufthansa авиакомпаниясы Европанын аба жолдорунда коркунуч туудурду.
Мындай окуядан кийин миңге жакын каттамдар токтотулган. Айрыкча бул кыска, орто жана ички Европанын каттамдары. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет.
Алдын ала маалыматтар боюнча 200 миң жүргүнчү жабыркады. Ошондой эле бүгүн, иш таштоо жергиликтүү саат менен 13:00дө башталып, кечки саат 23:59га чейин уланат.
Эскерте кетсек, учкучтардын иш таштоосу үстүбүздөгү жылдын эсебинен биринчи жолу эмес. Негизи 55 жашта учкуч жумушун токтотуп, официалдуу пенсияга чыкканга чейин айлык акыдан 60 пайыз маяна алат. Алар ушул системанын калуусун талап кылып чыгышкан.
Түп нускага шилтеме : maralfm.kg
Азырынча бир да пикир жок...