Акыркы макалалар

Президент өкмөттүн тарифтерди жогорулатуу жөнүндө токтомун жокко чыгарган соттун чечимин жактырды

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өкмөттүн тарифтерди жогорулатуу жөнүндө токтомун жокко чыгарган соттун чечимин жактырды. Бул тууралуу ал жума күнү соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

«Соттук реформа токтоп калган жок, жылыштар бар. Мага соттордун чыгарган чечимдерин жагат. Мына кечээ жакында эле өкмөттүн тарифтерди көтөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарышты. Соттор бийлик аларга үстөмдүк көрсөтпөй тургандыгына ишене башташты», - деди президент.

Ошондой эле өлкө башчысы, парламентти компетенциясына кирбеген чечимдерди чыгаруудан алыс болууга чакырды.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...