Акыркы макалалар

Жогорку-Нарын каскадындагы ГЭСтин негизги курулушу башталды

Жогорку-Нарын каскадындагы ГЭСтин негизги курулушу башталды

16-октябрда Нарын дарыясында алгачкы плотина куруу жумуштары расмий башталды.

Ага Россиянын «Рус Гидро» Башкармалыгынын төрагасы Евгений Дод, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль жана башка расмий меймандар катышты.

«Рус Гидронун» төрагасы Е.Дод ГЭС каскаддарын куруу, келишимде каралган графиктин негизинде жүрүп жаткандыгын, буюрса мындан аркы жумуштар ылдамдарын, 2016-жылдын аягы менен биринчи ГЭС иштеп электр энергиясын бере баштарын айтты.

Учурдун өзү талап кылган ГЭС каскаддарын курууга жаратылыштын өзү карт Нарын дарыясын ылайыкташтырып койгон дешет адистер. Инженердик-технологиялык оптималдаштырылган чечимдердин аркасында албетте, жердин шартына ылайык ар бир ГЭСке мурда болжолдонгон кубаттуулукка дагы 25 пайыз кубаттуулук кошууга болоору белгилүү болууда.

Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн 556 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетекчи орун басары Ибрагим Алиев билдирди. Анын айтымында, аталган жер тилкесине каскаддагы төрт ГЭС курулмакчы. Бул үчүн өкмөттүн токтому чыгып, укуктук жараяндар бүттү.

6 жыл аралыгында бүтө турган төрт гидро каскаддардын кубаттуулугу 1 жылда 942,4 миллион кВт саат электр энергиясын иштеп чыгарары да болжолдонууда.

«Рус Гидро» башкармалыгынын төрагасы Евгений Дод атайын сигналдык ракетаны асманга атуу менен белги берип, Нарын дарыясын эки гидро агрегаттары курулуучу участокто алгачкы эки жардыруу болду.

Ошентип бүгүндөн баштап, «Нарын-1гидро ГЭСинин толук кандуу жумуштары расмий башталды.

Азыркы учурда Нарын-1 ГЭСин курууда 200дөн ашык куруучу эмгектенүүгө киришти деп билдирди. «Нарын Жогорку гидроэлектр станциялары» ЖАКтын өкүлү Игор Горбенко. Анын айтымында, кабыл алынган жумушчулардын ичинен 50%ы жергиликтүү элдер.

Бирок Нарын районунун тургундары Жогорку Нарын каскад ГЭСтерин курууга тендерден эч кандай техникасы жок байлар жеңип чыгып, курулуш ишин артка тартууда деп айтышты. Тендер өз жеринде өтсө, жакшы болот эле деген оюн райондун жашоочулары вице-премьер-министр Валерий Дилге билдиришти. Дөбөлү айылынын тургуну Алтымыш Мамбетисаев ГЭСтерди курууга ишканалар арасында тендерлер башка жактан өтүп жаткандыгын жана ага Нарындын жергиликтүү курулуш ишканалары катыша албай жатканын айтты.

Ал эми Валерий Диль Жогорку Нарын каскад ГЭСтеринин тендерин Нарын жергесине өткөзүүнү колдоого алуу керек экенин баса белгилеп өттү.

2012-жылдын күз айларында Нарын районунун аймагында ГЭС каскаддарын биргелешип куруу боюнча Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын өкмөттөрү ортосундагы келишимге ылайык 4 «Ак-Булуң», «Нарын-1», «Нарын 2», «Нарын-3» деп аталган гидроэлектр станцияларын куруу макулдашылган. 2013-жылдын июнь айында мамлекетибиздин башчысы А.Атамбаев менен Россиянын «Рус Гидро» башкармалыгынын төрагасы Евгений Дод, ГЭС каскаддарын куруу боюнча алгачкы расмий иш баштоого катышып, «Нарын-1 ГЭСинин» плотинасына алгачкы бетон ташташкан. Андан бери энергетиктердин чакан шаарчасы салынып, ГЭСтердин плотиналарын куруу боюнча алдын ала жумуштар толугу менен аяктады. Маалыматка ылайык, Жогорку Нарын каскаддары ГЭСтери толук курулуп бүткөндөн кийин жылына орточо 942,4 млн кВт/саат электр энергиясын иштетип чыгат жана бардык төрт ГЭС 2019-жылы толук курулуп бүтөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...