Акыркы макалалар

Путин жана Меркель Минскидеги келишим туурасында сүйлөштү

Путин жана Меркель Минскидеги келишим туурасында сүйлөштү

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Минскиде Украинадагы абалды жөнгө салуу тууралуу кабыл алынган келишимди ишке ашыруу жана газ маселеси боюнча сүйлөшүштү. Бул тууралуу Орусиянын өлкө башчысынын басма сөз кызматкери Дмитрий Песков билдирди.

«Эки жарым саат болгон сүйлөшүүдө, Путин жана Меркель Минскидеги келишимди ишке ашыруу үчүн көпкө талкуулашты. Алгач Украинанын түштүк-чыгышындагы абалды токтотуу керектиги айтылды»,- деди журналистерге Песков.

Анын айтымына караганда, эки тарап дагы деле Украинанын түштүк-чыгышындагы салгылашуу боюнча көз караштары ар кандай.

17-октябрда Миланда болуп жаткан «Азия-Европа» саммитинде Украина маселеси чоң форматта Владимир Путиндин катышуусунда каралат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...