Акыркы макалалар

Жаштар арасында жаш чемпион Тилек Аманкулов

Жаштар арасында жаш чемпион Тилек Аманкулов

Түштүк Кореяда самбо боюнча юниорлор арасында Тилек Аманкулов дүйнө чемпиону аталды.

Ал финалда өзбекстандык Шахзод Тагиев менен беттешип, 8:3 эсебинде жеңишке жетишкен. Бул тууралуу КРнын самбо федерациясынын президенти Нурлан Токоноев билдирди. Анын айтымында, дүйнө биринчилигине 35 мамлекеттин жаш спортчулары катышкан. Тилек Аманкулов Борбор Азия боюнча жалгыз алтын медалды багындырган жалгыз спортчу болуп калды. Мындай сыйлыкка жада калса коңшу Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандын мыкты делген балбандары илинбей калган.

Жаш чемпионду келерки аптада президент Алмазбек Атамбаев да кабыл алаары күтүлүүдө. Ошондой эле, мындан ары колдоо көрсөтүп, жардам бере тургандыгын кабарлаган. Федерациянын президенти Нурлан Токоноев баса белгилегендей бүгүнкү маалымат жыйынынын башкы максаты Тилек Аманкуловдой ийгилик жараткан спортчулардан үлгү алып, ден соолукта болуп, ата-энесин сыйлаган, коомго пайда алып келе турган жаштарды өстүрүү.

Алтын медалдын ээси Тилек Аманкулов финалга чейин Грузиянын жана Орусиянын самбочуларын утуп алган. Бирок ал биринчи таймашын өзгөчө оор болгонун белгилейт. Тилектин айтымында, өзбекстандык балбандан Азия мелдешинде утулуп калган, бирок бул чемпионатта кайрадан өчүн алды.

Маалыматка ылайык, дүйнө чемпионаты 11-октябрда аяктаган. Жалпысынан Кыргызстандын намысын 11 спортчу коргогон. Командалык эсепте биринчи орунга Орусиянын, экинчиге Грузиянын жана үчүнчүгө Болгария Казакстан, Кыргызстандын спортчулары ээ болду.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • kashibaeva ainagul @ 18.10.2014 @ 23:54

    Тилек! Биз сени менен чексиз сыймыктанабыз! Азаматсың! Аяш апаларыңдын үмүтүн актагандыгың үчүн рахмат, сага! Аяш апалары: Айым, Жылдыз, Айнагүл. Апаң Калыйбүбүнүн үмүт-тилеги, тиреги болуп аман бол, айланайын!