Акыркы макалалар

Кыргызстан камакка алынган “Центеррадагы” акцияларынын кайтарып алуу аракетинде

Кыргызстан камакка алынган “Центеррадагы” акцияларынын кайтарып алуу аракетинде

Канаданын Онтарио соту Кыргызстандын "Центерра Голд" компаниясындагы акциясынын 60 пайызын камакка койду.

Мындай чечим Кыргызстандын "Стэнс Энерджи" (Stans Energу) фирмасына 118 миллион доллар компенсация төлөп бербей койгону себеп болууда. Компаниянын мындай кадамынан кийин, кыргыз өкмөтү "Кыргызалтынга" жана Өкмөттүн астындагы сот иштери боюнча департаментине тапшырма берди. Өкмөттүн басма сөз кызматынан Мелис Эржигитов маалымдагандай, Кыргызстан Центеррадагы өзүнүн активдерин толугу менен коргоого бардык аракетин жумшайт.

“Кыргызстан Центеррадагы өзүнүн активдерин толугу менен коргойт. Бул тууралуу тапшырма "Кыргызалтынга" жана Өкмөттүн астындагы сот иштери боюнча департаментине тапшырылды. Бүгүн Эл аралык юристтер менен, адвокаттар менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул маселени Кыргызстан өз кызыкчылыгына коргоо менен чечүүгө бүт аракетин көрүүдө”, - дейт Эржигитов.

"Стэнс Энерджи" компаниянын Куттуу-Сай кенин иштетүү боюнча лицензиясын 2013-жылы жокко чыгаруу боюнча өкмөттүн чечимин Бишкектеги райондор аралык соту колдоп, лицензияны алып койгон. Лицензияны мыйзамсыз тартып алды деген арыз менен аталган компания Москвадагы соода-өндүрүш палатасынын алдындагы Арбитражга кайрылган. Москвадагы сот Кеминдеги Куттуу-Сай жана Кала-Сай кендери боюнча "Стэнс Энерджи" компаниясынын арызын канааттандырып, кыргыз өкмөтүн 118 миллион доллар доого жыккан.

“Москвадагы Арбитраждык соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн иш алып барып жатабыз. Анткени алар инвестордун укугун коргоо боюнча конвенциянын 11-беренесин туура эмес талкуулап, сотко берип жатат. 19-сентябрда КМШнын Экономикалык сотуна кайрылганбыз, алар биздин арызды колдошкон. Ошондуктан биз Москвадагы соода-өндүрүш палатасынын алдындагы Арбитраждын чечимин жокко чыгарганга аракет кылабыз”, - деп билдирди Өкмөтүн соттук өкүлчүлүк борборунун директору Тимур Шамбетов.

Кыргызстандын "Центерра Голд" компаниясындагы 77 миллион акциясынын камакка алынышы, Кыргызстандын экономикасына зыянын азырынча тийгизбейт, бирок мындай кадам Кыргыз мамлекетинин абройун түшүрөт деген пикирин билдирген Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Актилек Тунгатаров, "Стэнс Энерджи" компаниясынын мындай кадамга баруусун жана азыркыдай жагдай жараларын мындан 2 жыл мурун Кыргыз өкмөтүнө маалымдаганын билдирди.

“Ушундай болорун 2 жыл мурун билип, ошол убактагы өкмөткө, президенте кат жазганбыз. Бул маселенин алдын алып, чет жакка чыгарбай Кыргызстандын ичинде тынч эле чечсе болот деп. Тилекке каршы өкмөт, бийликтин бат-баттан алмашуусунан улам бул маселе каралбай калды”.

Буга чейин, Түркиянын “Систем Мүхендислик” компаниясы да Ак-Кеме” мейманканасы боюнча соттошуп, “Кыргызалтындын” “Центеррадагы” акцияларынын бир пайызын каматкан. Депутат Кенжебек Бокоев, түрк компаниясына 11 миллион долларды өкмөт төлөп бергенден кийин башка ишканалар да Кыргызстандан акча алуу жолдорун издеп баштагандыгын айтып, бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин, бүгүнкү парламенттик жыйында көтөрдү.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...