Акыркы макалалар

Бишкекте өз курмандыктарын социалдык тармак аркылуу тапкан алдамчы айым кармалды

Бишкекте өз курмандыктарын социалдык тармактардан тапкан алдамчы айым кармалды. Бул тууралуу КирТАГга Бишкек шаарынын ШИИБ басма сөз кызматынан бейшембиде билдирди.

«Октябрь районунун ИИБ кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну колго түшүрүлдү. Ишеничке кирип, алдоо жолу менен кардарларынын жеке буюмдарын алып, алардан көз тийүүнү жоюуну ж. б. убада кылып из жашырып кетип жүргөн», - деп билдирди мекемеден.

Кармалган айым убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Кылмыш иши козголду.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...