Акыркы макалалар

АЗЫНАГАН АЗИМБЕК…

  АЗЫНАГАН АЗИМБЕК…

Узунө кыска, аты чыккан чыкпаганы, кыскасы бир ууч партия сымак партиялар, акыры «Бүтүн Кыргызстан», «Ата журт», «БЭК», «Дыйкандар», «Жашылдар» сыяктуу партиялар жана бир катар коомдук уюмдар Кожомкул атындагы спорт сарайына чогулушуп ойда бир күпүлдөштү. Койгон талаптары эски. Кошулган адамдары деле эски. Yркөрдөй топ. Yтүрөйгөн саясатчылар. Тааныш ысымдарга таң калуунун деле кажети жок. Тормозу жок Токтайым, туруктуу опозициячыл Тургуналиев. Отко салса күйбөгөн, cууга салса чөкпөгөн, Аксы окуясынын башкы күнөкөрү өзү экенин сезбей бакылдаган Бекназаров, «мектептердеги балдарга ыcык тамак уюштурган», калпты чындай сүйлөгөн Бонапартө Мадумаров көзгө чалдыгат. Жер бетегедей болгон Келдибеков. Кыскасы, кыргызды кыйратам дегендер келиптир …

Акыры опппозициялык топ «Эл үнү» аталыштагы саясыйөкоомдук кыймыл түзүштү. Аталышы жакшы, бирок, эл үнү элдин үнү болбой үркөрдөй бир топтун үнү болуп калганы даана байкалды. Анткени, «Кыргызстан патриоттор» кыймылынын лидери Назарбек Нышанов жыйын баштала электе эле «Бул адамдар, Бакиевди бийликке алып келишкен. Алар биздин оппозициялык кыймылдын арасында болбошу керек», өдеп Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Токтайым Үмөталиева сындуу фигуралардын залдан чыгып кетишин талап кылды. Нышановдун таамай айтылган сөзү жыйындагылардын бүйрүн кызытып аз жерден мушташ чыгып кете жаздаганы төрөлө элек жатып бул кыймылдын келечеги кандай болоорунан кабар берет?

Башы бир жерге батпаган Азимбек Бекназаров, эми Келдибеков, Мадумаровдорду чогулутуп бир жакадан баш, бир колдон жең чыгаргысы бар. Чыгарса чыгарсын, Азимбектин өз эрки. Бирок, бала кочкор, чала торпоктор камчыга сап болуп бере алаар бекен? Же, Акаевдин байлыгын Кыргызстанга кайтарам деп күпүлдөгөн эксөпрокурордун айткан сөздөрү жел бойдон калгандай кеппи, айтор ким билет? Көчөгө чыгып көнүп калган оппозиция бу саам Кыргызстандын Президенти А.Атамбаев көчө митингдерди менен пикеттерге руксаат бергенден кийин спорт сарайына корголошконун айрымдар түшүнбөй да калышты. Кыргызстан Патриоттор кыймылынын лидери Назарбек Нышановду залдан төө бастыга салып айдап чыгышканы да бул жыйынды уюштуруучу Бекназаровдун беделине көлөкө түшүрдү. Кечээ эле Н.Нышанов жыйындын төбөлдөрүнүн бири А.Келдибековдун камчысын чаап, айткандарын тоту кушча сайрап аткарып жүрбөдү беле? Эми болсо эшике чыгып отурат. Кандай айткан менен Назарбек мырза патриот эмеспи андыктан »Бул жерге жалаң Акаев менен Бакиевдин куйруктары толуп алыптыр. Булар бийликти алса кыргыз элинин шоруна калат» дегени калетсиз чындык.

«Эл үнү» кимдин үнү болот? Аны мезгил көрсөтөт. А бирок баштала элек жатып чырлашкан бу топтун келечеги бүдөмүк. Бекназаров жүргөн жердин чыры да, ыры да көп болоорун кыргыз эли жакшы эле түшүнүп калды. Анан калса, «учкашканга чиркешкен болуп» Мадумаровду да кошуп алышыптыр. Бери жагында Келдибеков. Канчалык бийликти сындашканы менен баарынын артында калбыры бар. Кимиси таза? Ачык айтып ак сүйлөсүн. Эгер булар сүттөн ак болушса анда алардын артынан эл ээрчийт. Болбосо, Бекназаров канчалык бакылдабасын «кыздын сыры төркүнгө маалым» дегендей баары түшүнүктүү. Арасынан кыргыз эли деп күйгөн адамдарды көрө албадык. Болгону « бакылдаган текени cуу кечкенде көрөбүз» болуп Бекназаровдун кезектеги аферасы эмне менен аяктаар экен?

Максат ЖОЛДОШБЕКОВ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...