Акыркы макалалар

Алмашуу баштан башталат...

Алмашуу баштан башталат...

«Анан... Дагы..» программасынын кезектеги маеги "Турана" баш кийимдер брендинин өкүлдөрү менен болду.

«Калпак унутта калып бараткандай...»

Диналиана: Келиңиздер алгач эле сиздердин коомчулукту таң калтырып жаткан калпагыңыздар тууралуу сөз кылсак... Ушундай идея кантип жаралды, эмне болуп кыргыздын калпагын өзгөчөлөнтүп жасайын деп чечтиңиздер?

Төлөбөк мырза: Биринчиден өзүбүз жана дүйнөгө көз карашыбыз жөнүндө айтып кетсек туурараак болушу мүмкүн. Анткени эң биринчиден биздин компания “CCG” – Кыргызстандын азыркыга чейин келе жаткан, унутулуп бараткан нерселерин алдыга чыгарып, кайрадан жаңылап, оңдоп, азыркы убакытка туура келгидей абалга алып келгенге аракет кылып жатабыз. Мисалы биз реклама, дизайн жана башка көп нерселер менен алек болуп жатабыз. Бирок дизайн дегенде, мисалы көбүнчө Кыргызстандын илгертеден бери, миңдеген жылдар бою келген оюулары бар, кийген кийимдери бар. Ушул нерселердин баары убакытка толук жооп бербей, өзүбүз өнүктүрбөгөнүбүз үчүн артта калып калууда. Ошондуктан биз калпакты мындай ойлодук, эгер алмашуу кыла турган болсок, анда алмашуу баштан башталсын дедик. Алмашуу баштан башталат деген ак үйдүн астына чыгып алып, эй алмашкыла, кеткиле, биздин өлкө өнүгүшү керек деп кыйкыра беришет эмеспи кээ бирлер. Андан эмес. Өзүбүз биринчи мээбизди алмаштырсак, андан кийин алмашуу болот. Ошон үчүн алмашуунун символу катары баш кийимибизди өзгөчөлөнтүп чыгаруу менен Кыргызстандын жаңы келечегине кадам таштап жатабыз. Экинчи себеби жаштар азыркы мезгилде шляпа, топу кийип жүрүшөт. А бирок калпакты жаштар кийбей калышты. Анын себеби, тойлордо, жаманчылык-жакшылыкта же болбосо улуу кишилер кийишет. Көбүнчө ошондой учурларда эле кийилип калды. Ошентип, калпагыбыз унутта калып баратат. Калпак эмнеге кийилбей жатат десек, бир эле түр калпактар жасалып жатат. Ал дагы оригинал эмес. Өтө ыңгайсыз. Мисалы калпакты кийип туруп унаага түшсөң башың тийип калат үстүнө. Кыздардын айткандарын уга турган болсок, ак түстө болуп, бат кирдеп кетет. Ошон үчүн калпакты жаштар кийсе сыймыктанып, өзүнүн боюн көтөрүп жүрсүн деген ой менен жасап жатабыз.

«Калпакты башынан жасайлы дедик...»

Диналиана: Дал ушундай дизайнды ойлоп табыш кимдин оюна келди эле?

Төлөбек мырза: Бир жолу дизайнер балабыз Искендер экөөбүз борбор калаадагы кафелердин биринде отуруп, эмне үчүн калпакты кийбейбиз деп ойлонуп калдык. Эмнеге кийбейбиз, себеби калпактар бизди аябай эски, улуу сыяктуу элестеттирет, же болбосо моданы түшүнбөгөн киши сыяктуу көрсөтүп коёт деп, ошон үчүн кийбей жүрөбүз. Келбейсиңби, калпакты башынан бир жасап чыгалы деп Искендер менен сүйлөшкөнбүз. Анан кийин ошол убакыт өтүп-өтүп отуруп, азыркыга туш келиптир.

«Элге 6-августта сунушталды...»

Диналиана: Калпактын өңдөрүн жана дал ушул материалдан болушу керек деп ким тандайт?

Төлөбек мырза: Ал жагын Искендер карайт.

Диналиана: Түптөлүшүн айтып берсеңиздер... Эң биринчи калпактын тигилиши кандайча болгон?

Улукман мырза: Эң биринчи Төлөбек айтып өткөндөй Искендер экөө ойлонуп, ал биринчи идея катары түптөлгөн. Ал эми бул идеяны ишке ашырыш болсо, июль айынын башында Чубак Бойконов жана Американын жараны Аби (Abhi Adhikari) деген мырза экөө чогулуп, Бишкекте “StartupBootcamp” деген долбоор башташкан болчу. Ал долбоор жаштарга ылайыкташып, алардын идеяларын ишке ашыруу, аларга бизнес инкубатор сыяктуу бир платформа түзүү болгон. Биз ошол долбоорду угуп калдык, Чубактар өзүлөрү дагы келишти. Сиздердин идеяларыңар көп экен, бир долбооруңарды биздин платформа аркылуу чыгарбайсыздарбы деп калышты. Дал ошол учурда биз калпакты ушул платформа аркылуу чыгарып көрөлү дедик. Ал биз үчүн жакшы пиар дагы болмок. Анан өзүбүзгө дагы бир топ пайдалуу болду.

Бул программанын уландысын сайтыбыздан кененирээк окуп, угуп, тиркелген суротторду коро аласыздар....

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...