Акыркы макалалар

Төбө чачыбыз тик турду.... Кыңыр иш кырк жылда... же уурдалып көмүлгөн наристе

Төбө чачыбыз тик турду.... Кыңыр иш кырк жылда... же уурдалып көмүлгөн наристе

Редакциябызга көз жашын көлдөтүп баш баккан Чүй облусунун, Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылынын тургуну Попова Татьяна Ивановнанын айткандарын угуп отуруп, далай эле жүрөк түшүргөн окуяларды угуп жүрсөк дагы, мындай төбө чачты тик тургузган, ак халаттуу абзал жандар делинип жүргөндөрдүн арасында ушундай адам кейпин кийип жүрүшкөн айбандар дагы бар экендигине ишенбей кое албадык.

Татьяна Ивановнанын кызы 1985-жылы туулган Варваранын кантип 2002-жылдын 20-августунда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрилигине караштуу КНИИАиП төрөт үйүндө көз жумгандыгы, соп-соо төрөлгөн эркек баласынын төрөт учурунда өлдү делинип жерге берилгени, кийин эки жолку эксгумация учурунда эркек бала деп көмүлгөн наристенин кыз болуп чыккандыгы, деги койчу ушуга окшош жүрөктүн үшүн алган окуяларды угуп отуруп, “деги биз кайсы мамлекетте жашап жатабыз”-деп жүрөгүң оозуңа тыгылып, үнүңдүн жеткениниче кыйкыргың келип, карегиңе жаш айланбай, бул этегине жашы толгон эненин айткандарын угуп отура албайт экенсиң.

Көз жашын көлдөтүп, Татьяна Ивановна укук коргоочуларыбыздан үмүтүн үзгөндөн кийин, айла жоктуктан менчик детектив жалдап, кызы Варварадан калган небересинин дарегине чейин өз күчү менен тапкандыгы (аман-эсен Россияда башка адамдардын колунда жашап жатат), кыз делинип жерге берилген наристенин генетикалык экспертизанын корутундусу боюнча кызы Варвара Поповага, күйөө баласы В.Скрипниковго эч кандай тиешеси жок экендигин, колундагы атайын медициналык документтердин негизинде айтып отурду.

Бул чуулгандуу кылмыш ишине түздөн-түз тиешелери бар делинип медицина, прокуратура тармагында иштеп жатышкан бир топ адамдардын аттары ачык эле айтылып жатса дагы, “Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат” болуп он жылдан бери чыркыраган чындыкка жете албай жүргөн бул эненин кажыбас кайратына, эзилген энелик жүрөгүнө түшүнүү менен мамиле жасап, келерки сандарыбызда бул окуяны төкпөй-чачпай окурмандарыбызга жеткизүү менен катар өзүбүзчө журналисттик иликтөө жүргүзүүгө дагы бел байладык.

Абай АРГЫНОВ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...