Акыркы макалалар

Өмүрбек Текебаев: “Таасирдүү күчтөр гезитти басып алууга аракет кылууда”

Өмүрбек Текебаев: “Таасирдүү күчтөр гезитти басып алууга аракет кылууда”

14-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын кезексиз жыйынында “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасында түзүлгөн укуктук кырдаал тууралуу маселе каралды. Белгилей кетсек, 2014-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Аксамаев "Вечерний Бишкек" басма үйүнө караштуу "Рубикон" жарнама фирмасынын 50 пайыз үлүшүн анын мурдагы ээликтештери Александр Рябушкин менен анын аялы Галина Рябушкинага кайтарып берүү чечимин кабыл алган. "Вечерний Бишкек" басма үйү мындай чечимге макул болбостон, Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Укук коргоочу Сергей Воронцов, доогерлердин артында “Вечерний Бишкек» гезитин басып алгысы келген күчтөр турат дейт. Ал эми саясий серепчи Табылды Акеров мындай соккулардын бүгүн гана болуп жаткандыгын келе жаткан шайлоолорго байланыштуу экенин мунун артында бийликтин өкүлдөрү турарын айтат. Мына ушул “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы абал боюнча боюнча "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен маек курдук.

-“Вечерний Бишкектин” айланасында чыгып жаткан чырдын себеби эмнеде?

-“Вечерний Бишкек” 1999-жылдын аягында Кыргызстандагы эң чоң ишканалардан болгон. Ал эми төлөгөн салыгы боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турган. Ошол кезде бүт баарын басып алып жаткан Акаевдин күйөө баласы, Адил Тойгонбаевдин да көзү ушул гезитке түшөт. Гезит бир гана байлык эмес, күчтүү саясий курал катары да кызмат кылышы мүмкүн эле. Анткени күчтөнүп келе жаткан оппозицияны интеллигенцияга, орус тилдүү жарандарга, алар аркылуу бүт Кыргызстанга жаман көрсөтүү ыңгайлуу курал болчу. Гезитке ошол кезде эки үй-бүлө кожоюн болуп турган. Ким аялы менен 50 пайызга, ал эми жарымына Рябушкин аялы менен ээлик кылган. Адил Тойгонбаев Рябушкин аркылуу “Вечерний Бишкекти” тартып алат. Рябушкин аялы экөө акциясын 2000-жылы “Петров Компани” деген америкалык фирмага сатат. Келишим материалдык жактан бекитилип, Америкада катталган Адил Тойгонбаевдин компаниясына өтөт. Кийин Кимдин 1 пайызын алып, толук кандуу гезитке ээ болуп калат. Ким Америкадан каражат алып, МСН деген жаңы гезит ачат. Ал гезит оппозициялык болуп, жарым жыл бекер таратылган. Бул гезит Акаевдин бийликтен кетүүсүнө эбегейсиз чоң салымын кошот. Акаевдин бийлиги кулагандан кийин мунун баары сотто каралат. Сот “Петров Компанини” ээлик кылуу укугунан ажыраткан. Компания бул чечимге даттанмак турсун, ошол бойдон Кыргызстанга келбей жок болот. Он жыл өтсө да, ал компания тараптан эч ким соттун чечимине каршы чыккан эмес. Демек, соттун чечими бүгүнкү күндө талашсыз болуш керек эле. Бирок Рябушкиндер быйыл сотко кайрылышты. Алар: “Биз укугубуздун бузулгандыгын билбей жүрүптүрбүз. Быйыл адилет министрлигинин сайтынан гезитке ээлик кыла албай калгандыгыбыз тууралуу билдик”,- деп сотко берет. Сот аларга ишенип, ишти карап, “Рябушкиндерге 50 пайыз акция берилсин” деп чечим чыгарат. “Вечерний Бишкек” мурункудай болбосо да, бай ишканалардын бири. Жылына млн доллар салык төлөйт. Ал эми Рябушкиндер өз ыктыяры менен ацияларын Адил Тойгонбаевдин компаниясына саткан. Ал компания болсо, Кимди кууп чыгып, Рябушкинди редактор кылган. Кийин рекламалык агенство деп ачып, Рябушкинди директорлукка койгон. Акаевдер качканга чейин Рябушкин кожоюн катары эмес, жалданма адис катары иштеп жүргөн. Анан кантип өзүнүн үлүшүнөн ажырап калгандыгын билбей калсын. Сот анын арызын карап, эмне үчүн тобокелге барды? Мунун бир гана себеби болушу мүмкүн. Өтө таасирдүү күчтөр кысым көрсөтүп же суранса гана, же “сенин мындай кадамың кийин ишмердүүлүгүнө эч кандай терс таасирин тийгизбейт”, деп убада берген бирөөнүн буйругу менен гана ушундай тобокелге барган болушу мүмкүн. Ошондон улам биз бул маселени карашыбыз керек. 2000-жылы Акаевдер басып алгандай эле, азыр кимдир бирөөлөр бул гезитти басып алууга аракет кылып жатат. Экинчиден, мөөнөтү өтүп кеткен ишти соттор өз билемдик менен карап, менчик ээлерин алмаштыра бере турган болсо, анда Кыргызстанда менчик институту талкаланат. Мындай кадамдар сотторго коррупциялык шарт түзөт, экинчиден инвесторлордун келүүсүнө терс таасирин тийгизет. Бийлик алмашкан сайын бийликтин жакын адамдары соттошуп, менчик талаша берүүсү туура эмес. Ал эми соттун бул чечими өлкөгө коркунуч жаратат деп эсептейбиз.

-Акыркы маалыматтарда "Вечерний Бишкекти" рейдерлик жол менен басып алуу аракеттеринин артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов турушу мүмкүн деп айтылган. Сиз айтып жаткан “артында чоң күч турат” деген сөзүңүз менен эмнени айткыңыз келип жатат?

-Соттун ишине таасирин тийгизе алган жана анын кийинки дайындалышына көмөк көрсөтө алган адамдар болушу толук мүмкүн. Бирок ким экенин мен айта албайм.

-Демек, бул иштин артында ким турганын билбейсиз?

-Ооба. Билбейм.

-Сиздер бул маселени карап чыктыңыздар. Эми «Ата Мекен» фракциясы кандай чечимге келдиңиздер?

-"Ата Мекен" фракциясы билдирүү гана кабыл алды. Бул коркунучтуу жагдай. 10-15 жыл өткөндөн кийин деле сот ишти өз билемдик менен кайра карай бере турган болсо, анда менчик укугунун туруктуулугу болбойт. Эң негизгиси кезектеги революцияга кызыктар адамдардын санын көбөйтөт. Бүгүнкү бийликти күч менен эптеп кулатып келсек, соттор чыгарып жибере берет деген түшүнүк пайда болот. Менчикти кайра бөлүштүрүүгө кызыктар адамдардын жана мыйзамсыз бийликти алмаштыруучулардын санын көбөйтөт.

Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...