Акыркы макалалар

“Өлкө ББга кирүүгө мажбурланууда. 2,5 млн. кыргызстандык мигрант болот"

“Өлкө ББга кирүүгө мажбурланууда. 2,5 млн. кыргызстандык мигрант болот"

Жогорку Кеңештин 8-октябрдагы жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү жоболорунун алкагында иштелип чыккан бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. 11 мыйзам долбоорунан турган топтом биринчи окууда кабыл алынды. Ага эл өкүлдөрүнүн 76сы “макул”, ал эми 9у “каршы” деген добушун берди. "Бейтараптын" бул чыгарылышында Кыргызстандын мыйзамдарын Бажы биримдигине шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун колдоого алган. “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Ташполот Балтабаев жана долбоорго каршы пикирдеги депутат “Ата Журт” партиясынын өкүлү Улукбек Кочкоров чакырылды.

-Ташполот мырза, мыйзам долбоорлору эмне себептен сиздин колдооңузга ээ болду?

Ташполот Балтабаев: “Оңго барсаң атың, солго барсаң өзүң өлөсүң” дегендей Кыргызстандын экономикасы геосаясий жактан жана социалдык маселелер боюнча Орусияга жана ББга кирген өлкөлөргө өтө көз каранды. “Ата Мекен” фракциясы биринчиден, айла жоктон биримдикке кирүүгө макул. Экинчиден, ББга кирүүнүн оң тараптарын эске алдык. Мигранттарга жол ачылсын дедик. Эсептөөлөр боюнча биримдикке кирсек, алардын өлкөгө жөнөткөн каражаты 50 пайызга көбөйүшү күтүлөт экен. Ишкерлер үчүн жагымдуу маанай түзүлөт. Мындан сырткары, биримдикке кирген өлкөлөр тарабынан ачык маселе коюлду. Алар: “Кыйшаңдабай ББга киргиле, же ачык айтып башка өлкөлөр менен соода-сатык жана башка маселеңерди жүргүзгүлө,”-деди.

- Улукбек мырза, Кыргызстан чындыгында Бажы биримдигине кирүүгө мажбурбу. Андай болсо эмне үчүн сиз каршы добуш бердиңиз?

Улукбек Кочкоров: "Ташполот мырза "айласыздан улам" деп айтууда. Демек, бул саясий чечим. Экономикалык саясатты туура эмес жүргүзүүдөн, өлкө бүгүн “мажбур” болууда. Негизи бул маселеде ар бир чечим экономикалык эсептөөлөр менен кабыл алынышы керек. Тилекке каршы, экономика жагынан божомолдон башка эч нерсе жок. Ал божомол да, экономикалык анализдерге же илимий изилдөөлөргө негизделген эмес. Кыргызстан “жегенди билип, чыгарганды билбесе” кайсыл жаңы рынокко иштөөнү эңсеп жатабыз?! Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жакшы болот дейт. Бирок, 2 жылдан бери экономика министри кайсыл продукция боюнча канча экспорттук потенциал бар экенине жооп бере албай келет. Ошондой эле керектүү заттарга баанын көтөрүлүшү болот. Салыштырып көрсөк, Кыргызстанда орточо айлык 210 доллар, Казакстанда 680, Беларуссияда 570, Орусияда 900 доллар. Бирок, баалар бирдей болот. Кыргызстандагы айлыктын көлөмү менен ББга кирсек, эл жашай алабы?! Кудай буйруса баары жакшы болот деген жооп эмес. Демек, кыргызстандыктар массалык түрдө мигрант болуп кетүү коркунучунда".

- Биримдикке кирүүгө президент, өкмөт ыктап жатат. Эми парламент колдосо кирет эмеспи. Киргенден кийинки кыйынчылыктар, терс тараптары көп боло турган болсо, жоопкерчилик кимдин мойнунда болот?

Ташполот Балтабаев: "Албетте, коалициялык көпчүлүк чечим кабыл алганы үчүн, жоопкерчиликти мойнуна алып жатат. Экинчи жагынан Бажы биримдигине кирген соң, өлкөгө терс жактары көбүрөк тийсе, биримдиктен чыгып кетүүгө болот. Андан чыкпайсың деп эч ким байлап калбайт. Бассейинге кирбей туруп, чөгүп кетебиз дегендин ордуна, ага түшүп сүзүп көрүү керек. Эгер чөгүп баратсак, андан чыгып кетели".

Улукбек Кочкоров: "Бүгүн бажы төлөмү жок эле баа канча жогорулап жатат. Өлкө 100 пайыз бир мамлекеттен көз каранды болгондон кийин, башкача айтканда Орусияга, алар товарды канчадан берсе дагы ошол баада сатып алабыз. Ал эми Кыргызстандан чыккан товарларга ар түрдүү себептер менен чектөөлөрдү киргизип коюшу мүмкүн. Мындай жагдайда жоопкерчиликти эч ким мойнуна албайт. Аны бүгүн чечилбеген газ, күйүүчү май маселелери көрсөтүп жатат. Анткени система ошондой. Ал эми бул биримдикке кирген соң, андан кайра чыгам десең эле жөн гана чыгара койбойт. Алар ар кандай экономикалык жана саясий рычагдарды колдонуу менен коркутат. Тышкы саясатты бир өлкөнүн колуна карматып койбой, өзүбүз чечкенди үйрөнүшүбүз керек".

- Шайлоочулар менен Бажы биримдигине кирүү маселесин талкууладыңыздарбы? Көпчүлүктүн үнү эмне дейт экен?

Ташполот Балтабаев: "Элдин пикири ар кандай. Түшүнгөнү бар, түшүнбөгөнү бар. Айрымдары ББга кирсек кыйла жакшы болорун билип туруп, жаман болот дешүүдө. Каршысы бар, жактагандар бар".

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...