Акыркы макалалар

Ысык - Көл өнүктүрүү фондусунун эсебинен социалдык объектилерди курууга бөлүнгөн каражат сарпталды

Ысык - Көл өнүктүрүү фондусунан 256174,896 сом акча каражаты областагы социалдык объектилерди куруу жана оӊдөп түздөө ишине жумшалды. Бул туралуу областык ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Алтынбек Давлетов билдирди.

2012 жылдын 1-декабрына карата фондко КОК Кумтөр алтын кен ишканасы берген 168471,996 миң сом жана 2011 - жылдан калган фондогу 87702,9 миң сомду кошуп, жалпысынан 256174,896 миң сом социалдык объектилердин курулушуна жумшалды. Анын ичинен билим берүү тармагына - 107333,97 миң сом,саламаттык сактоо тармагына - 43041,244 миң сом,маданият тармагына - 9421,882 миң сом бөлүнгөн. «Ошондой эле спорт тармагына - 33082,973 миң сом,башкаларына - 63294,827 миң сом каралган. Учурда 2011 - жылы курулуш иштери башталган социалдык объектилердин иштери улантылууда»- дейт А. Давлетов

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...