Акыркы макалалар

Бишкек ЖЭБ акча жасоонун гана куралы болуп калды

Бишкек ЖЭБ акча жасоонун гана куралы болуп калды

"Бишкек ЖЭБге көмүр сатып алууда мыйзам бузуулар болуп жатат", - деп билдирди аталган ишкананын көмүр сатып алуу боюнча комиссиясынын мүчөсү Качкын Булатов. Анын айтымында, кайра эле «Прогресс компани» дегенге барып, 10-15 млн. долларды жегенге баары аракет кылып жатышат. «Электр станциялары» ААКтын мурдагы коммерциялык директору Кемел Имановду камаса, кайра эле экинчиси келип «Прогресс компанини» алып келип жатышат. Казакстанда көмүр өндүргөн канча деген ишканалар бар. Ошолордун бириси менен да сүйлөшүшкөн жок», - деди ал.

Булатов ошондой эле мурдагы Энергетика министрлерин камап, текшерүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.

«Мыйзамдуулук болсун десек, УКМКнын коррупция менен күрөшүү кызматы 7 жылдан бери көмүр сатып жаткан «Прогресс компанини» текшериш керек. Осмонбек Артыкбаевди, Аскар Шадиевди (энергетиканын экс-министрлери) эчак эле камаш керек болчу. Көмүрдү арзандаткандын ордуна электр энергиясын кымбаттатабыз деп жатышат»,- деп кошумчалады серепчи.

Отун-энергетикалык комплекс боюнча көз карандысыз серепчи Расул Умбеталиев, өлкөнүн кантип кыштан чыгышын Кыргызстандан чыккан казакстандык олигархтар билип калды дейт. Анын айтымында, Кыргызстандан чыккан казакстандагы олигархтар А.Машкевич, П.Шадиев, А.Ибригимовдор Кыргызстандын кандай көмүр сатып алышын, канчадан сатып алышын чечип жатышат. Себеби алар «Шабыркуль Көмүр» акционердик коомунун 100% акциялар пакетине ээлик кылышат. Ошондой эле Бишкек ЖЭБ акча жасоонун гана куралы болуп калганын баса белгиледи.

Серепчилердин маалыматына ылайык, көмүр сатып алууда Камбар-Ата ГЭСти күрөөгө коюуда. Ал эми өлкө башчы Атамбаев профессионал кадрларды алып келиш керектигин айткан. Мындан тышкары, бүгүн электр энергиясынын кымбатташына каршы пикетке чыккан жаштарды милиция кармап кеткендигин айтып өтүштү.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...