Акыркы макалалар

Энергетика министрлиги жаңы тариф саясатын коомдук талкууга чыгарды

Энергетика министрлиги жаңы тариф саясатын коомдук талкууга чыгарды

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлиги жаңы тариф саясатын коомдук талкууга чыгарды. Учурда Өкмөттүн жана министрликтин расмий сайтына жайгаштырылып, коомчулуктан келген пикирди кароодо. Ага ылайык эгер бир абонент айына 700 кВТ электр энергиясын колдоно турган болсо, анда 70 тыйындан төлөйт. Ал эми андан ашык колдонгондорго болсо, 1 сом 20 тыйын деп каралган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан Динара Молдакалиева «Марал» радиосуна кабарлады.

КР Жогорку сотунун басма сөз катчысы Айнура Токтошева маалымдагандай, быйылкы жылдын 17-июнунда кабыл алынган токтом 29-сентябрда Бишкектин райондор аралык сотунда Өкмөттүн «2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергияларына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө» токтомун жараксыз деп таануу боюнча арызды канааттандырган. Анда тарифтик баа ушул жылдын сентябрь айында өзгөртүлмөк болчу. Маселен, 3 фаза колдонгон кардарларга электр энергиясын колдонуу сентябрь айынан тарта 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн.

Ал эми энергетика тармагындагы адис, экономика илимдеринин доктору Эркин Абдразаковдун пикиринде, өкмөт тариф саясатын парламенттик угууга алып чыгып, же өкмөттүк саат өткөрүшү керек эле. Бул маселе аймактарга барып, чакан чөйрөдө коомдук талкуу өткөрүү менен чечилбейт деген пикирде.

Кошумчалай кетсек, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев тарифти көтөрүү чечимин сынга алып, өкмөт тарифтик саясатты кайра карап чыгып, айрым жерлерине оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү керек экендигин билдирген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...