Акыркы макалалар

ЖКнын тармактык комитетинде санариптик берүүгө өтүү маселесине даярдыктар кечеңдеп жатканы белгиленди

14-октябрда билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынындаКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча" парламенттик угуулардын сунуштамаларынын аткарылышы жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Санариптик берүүгө өтүүгө болгон даярдыктар боюнча комитет мүчөлөрүнө КР вице-премьер-министр Элвира Сариева баш болгон тиешелүү Өкмөт мүчөлөрү маалымат беришти.

Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев эл аралык Женева келишимине ылайык, 165 мамлекет 2015-жылдын 1-июнунан тартип санариптик берүүгө өтө тургандыгын эске салып, эң башкысы биздин өлкөдө карпайым эл бул маселеге даярбы деген суроо тургандыгына токтолду. Ал санариптик берүүгө өтүү маселесине Жогорку Кеңеш дагы кайрылып, бул багытта Парламенттик угуу уюштургандыгын белгилеп, андагы сунуштамалардын аткарылышы бүгүнкү комитет жыйынынын өзөгүн түзүшү керектигин баса белгиледи. Бул максатта бүгүнкү жыйында ресиверлер деген эмне экенин, ал кайда, эмне максатта орнотулаарын карапайым элге жалпак тил менен түшүндүрүү зарылдыгын кошумчалады.

КР вице-премьер-министр Э.Сариева "Кыргызтелеком" ишканасы аркылуу тесттик иштер жүрүп жаткандыгын, санариптик берүүгө өткөндө эске моделдеги телевизорлорго ресивер жабдуусун кошумча улаштыруу керектигин, анын негизинде каналдардын саны көбөйүп, сапат жакшырарын, бул багытта Өкмөт каражат бөлүп, Маданият министрлигинин аткаруусунда бир катар иш-чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Айтымында, ресивердин баасы 1500 сомдун тегереги болот. Аз камсыз болгон жүз миң жаранга ресиверди бекер таркатуу пландары бар. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Эрнис Мамырканов санариптик берүүгө токтолуп, мурда бир жыштыкта ​​бир канал берилип келген болсо, эми санариптик берүүдө бир жыштыкта ​​бир нече канал болооруна түшүндүрмө берди. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова болсо иш-чаралар белгиленген иш-план боюнча кетип жатканын билдирди.

Депутат К.Осмоналиев санариптик берүүгө өтүү менен көп каналдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк ачылып, анын натыйжасындан илимий-практикалык берүүлөр боюнча көрөрмандарды жоготуп албайбызбы деген кабатырлануусун ортого салды. Э.Мамыркановдун белгилөөсүндө, атайын бир мультиплекс алынып, бир соц. пакет билим берүү багытында боло тургандыгы чечилген.

Жыйынга катышып жаткан облустук телеканалдар маалымат коопсуздугун камсыздап келе жаткандыктарын билдиришип, бирок, санариптик берүүгө өтүүгө болгон даярдыктарда Өкмөт тарабынан каражат жетиштүү бөлүнбөй жатканына, облустук телеканалдар бириптирилип, 1 жыштыккка коюлуп жатканына нааразычылыктарын айтышты. Аткаруу бийлиги облустук телеканалдар бириктирилип деген түшүнүк туура эместигин, болгону региондук жыштык деген бир жыштыктан обого чыгарылаарын, республикалык деңгээлде 1 канал болуп эсептелинерин жооптошту.

Өз маалында ынтымак, биримдикти камсыздоо максатында түзүлүп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына чыгуучу "Ынтымак" телеканалын депутаттар Бөдөш Мамырова менен Каныбек Осмоналиев азыркы кезде чек араларда көйгөй жаралып жаткан Баткен облусуна көчүрүү максатка ылайык келерин сунушташты. Депутат Гүласал Садырбаева пилоттук долбоор катары Баткен облусу өткөн санариптик берүүдө жаралган айрым кемчиликтер четтетилбей жатканын билдирди. Ошону менен катар эл өкүлдөрү жер-жерлерде карапайым элде бүгүнкүдөй маалымат жоктугу, телеканалдар аркылуу тиешелүү роликтер байма-бай кетпей жатканын баса белгилешти. Мындан сырткары, башка өлкөлөрдүн санариптик берүүгө өтүү тажрыйбалары талдоого алынбагандыгы, санариптик берүүгө өтүүдө телеканалдарды материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу, модернизациялоо боюнча алгылыктуу иш-аракеттер көрүлбөй жатканы сынга алынды. Ошентип, жалпы республика боюнча санриптик берүүгө өтүү маселесине даярдыктар кечеңдеп жатканы боюнча пикирлер басымдуулук кылды.

Соңунда бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгуу боюнча чечим кабыл алынды.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...