Акыркы макалалар

У.Кочкоров: "Күйүүчү майдын баасына Орусия себепкер..."

У.Кочкоров: "Күйүүчү майдын баасына Орусия себепкер..."

Бүгүнкү "Күн чекит" программасынын негизги темасы деп күйүүчү майга болгон баанын көтөрүлүп жатышын тандап алдык. Аталган теманы ЖКнын "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров менен бирге талкуулап, суроолорубузга жооп алдык.

- Бүгүн “Жаңы муун” кыймылы күйүүчү майга болгон баанын күн санап өсүшүнө өз наааразычылыктарын билдирип акцияга чыгышты. Бул маселеге сиз дагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында токтолгонсуз. Негизи эле бул маселени кантип чечсе болот?

- Бүгүнкү күндө нефть өндүрүмүн(продукты) алып келүүнү бир мамлекет менен байлап койгонубуздан кийин биздин жөнгө салууга эч кандай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби, монополияга каршы комитетибиз жөнгө салат деп жатпайбызбы. Эгерде ошол Орусиядан кымбат баа менен келе турган болсо, бул жерде монополияга каршы комитет дагы жөнгө сала албайт. Анткени ошол каралган сегиз пайызды, же он эки пайызды коюп берет. Орусиядан кымбат келип жаткандан кийин жөнгө салуу мүмкүн эмес. Мунун жолу кандай, биз ошол нефть өндүрүм рыногун диверсификациялашыбыз керек. Эч качан бир мамлекеттен 30 пайыздан ашык көз карандылык болбош керек. Биз колдон келишинче ушуну буга чейин да жүргүзүп келишибиз керек эле, мындан кийин да жүргүзүшүбүз керек. Ошол эле Азербайжандан, Түркмөнстандан, Ирандан, Орусиядан бөлүү жагын карап чыгышыбыз керек. Бир жактан биз көз карандысыз болбошубуз керек. Ошону биз качан камсыз кылганыбызда мындай кескин түрдө өсүүлөр болбойт, бул биринчиси. Экинчиси, нефть продуктылар сырттан келген бир мамлекетке байлап койгон болсок, бүгүнкү күндөгү ички сатууларды дагы бир ишканага же бир тарапка байлап берип жатабыз. Бүгүнкү күндө ГазПром нефть азия жеке заправкаларынын 50 пайыздан ашыгын ошолор камсыз кылып, ошолор сатып жатышат. Ошол эле учурда Бишкек Петролиум деген ишканасы ошолор менен бир саясат жүргүзгөн, афилированный компания десем болот. Мындан сырткары азыр Бишкекская Нефтьянная компания дегенди биз Ростнефтке сатып атабыз. Муну менен биз дагы-дагы сырттан бир адамга көз каранды болгонубуз аз келгенсип, ички сатууларды дагы бир тарапка байлап берип жатабыз. Бул туура эмес. Ушул жакта өкмөт өзүнүн саясатын кайрадан карап чыгышы керек. Ушунда гана биз бааларды контролдоп, кескин түрдө өсүп кетпөөгө шарттарды түзөт элек.

- Кара-Балтадагы «Жунда» заводу бүгүнкү күндө толугу менен Ооганстанга жана Тажикстанга иштеп жатат дедиңиз эле. Ушул маселеге кененирээк токтолуп кетсеңиз.

-Бүгүнкү күндө тилекке каршы биздеги нефть чыгарган Кара-Балтадагы «Жунда» заводу Ооганстанга жана Тажикстандын рыногуна иштеп жатканы өкүнүчтүү. Өзүбүздө таңкыстык болуп, ушундай баалар көтөрүлүп жатканда өкмөт оперативдүү түрдө иш-чараларды көрүп, экспорттук пошлинаны киргизип, же болбосо сыртка чыгарууну чектеп, бааларын жөнгө салууга мүмкүнчүлүктөрдү издесе болот эле. Бирок тилекке каршы биздин өкмөт эч нерсе кылбай эле отурат.

- Буга саясатчылардын да тиешеси бар дедиңиз эле...

- Ооба, бүгүнкү күндө Тажикстанга, Ооганстанга кетип жаткан нефть продуктылардын бардыгы саясатчылардын астында, саясий көзөмөл астында болуп жаткан иштер. Тилекке каршы аттарын айта албайм. Алардын аттарын билем, кимдер жасап жатканын, бирок айта албайм. Себеби эртеңки күндө соттошуу процесстери болуп кетиши мүмкүн. Мен аларды колунан кармай албагандан кийин, айта албайм. Бирок албетте бул өтө күчтүү саясий крышасы бар адамдар жасап жатышат. Ал нерсеге эч ким бөгөт коё албайт.

- Айрым депутаттар Кыргызстан ББга кирсе дагы күйүүчү майдын баасына эч кандай таасир этпейт, баасы кымбаттаса кымбаттай берет, арзандаса арзандай берет деген пикирин айтып жатышат. Мына Кыргызстандын ББга кирүүсүн аз эле кадамдар калды. Эгерде Кыргызстан ББга кире турган болсо, чындап эле бул нерсени алдын ала албайбызбы?

- Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, күйүүчү майга болгон баа түшөт деген туура эмес түшүнүк. Бүгүнкү күндөгү баанын көтөрүлүшүнө Орусия тарап ар түрдүү шылтоолорду айтып жатат. Бирок, ушундай сындуу ар кандай шылтоолор кийин дагы пайда боло берет. Бирок негизинен мен айтат элем, баанын кымбаттоолоруна Орусияга сырттан болгон санкциялардын тийгизген кесепети болууда. Анткени газ, нефть продуктылары Орусиянын негизги экспорттук позициялары болуп эсептелет. Ошол экспорттук позицияларга, товарларга болгон бааларды көтөрүү менен алар өзүлөрүнүн бюджетине тийип жаткан залакасынын ордун толуктап жатышат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...