Акыркы макалалар

Шаардык кеңеш: «Тазалык» ишканасынын ишин канааттадырган жок

Шаардык кеңеш: «Тазалык» ишканасынын ишин канааттадырган жок

Бүгүн, 14-октябрда Шаардык кеңештин депутаттары “Тазалык”, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканаларынын жумушун карады. Акыркы кезде, борбор шаарыбыз Бишкек шаарынын ичинде да, айланасында да таштандыга толгону баарына эле маалым. Бүгүнкү жыйында «Тазалык» ишкананын Ала-Тоо коңушунда эки жылдан бери кызмат кылып келе жаткан Илич Дүйшекеевдин пикири боюнча, аталган жаңы конушка беш айдан бери бир дагы унаа барган эмес жана бул ишканада коррупция көп экенин айтты.

Шаар мэри "Борбордук статус" жөнүндөгү мыйзамдын 44-беренесинде шаардын бардык структурасын жетектейт жана иштерине жооп берет деп жазылган. «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороевдун пикиринде, Кулматов мэр болор астында шаардын тазалык иштерин толук жоопкерчилигиме алып, иштерди аткарам деген. Бирок, тилеке каршы учурда эч кандай кадамдар болгон эмес.

Ошондой эле бул жыйында кыргыз тили дагы көтөрүлдү. Аны «Замандаш» фракциясынын депутаты Анарбек Сарымсаков айтып чыкты. Чындыгында Бишкек шаардык кеңешинин жыйыны ар дайым расмий тилде өтөт. Сарымсаковдун айтымында, «Жашылдандыруу» жана «Тазалык» ишканасынын ишине канааттанбайт.

Депутаттардын суроосуна мэр Кубанычбек Кулматов жооп берип жатып, «Тазалык» ишканасынын ишине канааттандырарлык экенин билдирди. Шаар башчысы белгилегендей, муниципалдык ишкана, болгон техникасы менен бардык мүмкүн болгон жумуштарды жасап жатат. Ошондой эле Бишкекте 47 жаңы конуштардын 18ин гана «Тазалык» тейлейт. Ал эми аталган ишкананы жою тууралуу толук ушул айдын аягында чечилет дейт.

Жыйындын аягында, шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясынын чечими угузулуп, «Тазалыктын» иши канааттандырарлык эмес деп табылды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...