Акыркы макалалар

“Ата Мекен” фракциясы «Вечерний Бишкек» боюнча кырдаалды талкуулады

“Ата Мекен” фракциясы «Вечерний Бишкек» боюнча кырдаалды талкуулады

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин Ата Мекен фракциясынын кезексиз жыйынында «Вечерний Бишкек» басма үйү жабык акционердик коомунун айланасында түзүлгөн укуктук кырдаал тууралуу маселе каралды.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул жыйында басылманын айланасындагы абал боюнча тараптардын пикирин угуп, өз позициясын билдирүүнү чечишкен. Жыйынга «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн башкы директору Александр Ким, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, медиа эксперттер, журналисттер катышты.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Вечерний Бишкек» басма үйүнө караштуу «Рубикон» жарнама фирмасынын ээлик кылуу үлүшү боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечиминен кийин, анын тегерегинде абал коомчулук арасында жандуу талкууну жаратып жатканын белгиледи.

Жыйын жүрүшүндө, «Рубикондун» мурдагы ээликтештери Александр Рябушкин менен анын аялы Галина Рябушкина 2000-жылы өздөрүнүн 50 пайыз үлүшүн америкалык «Петровски корпорейшн» компаниясына сатып жибергенин, өз эрки менен ээликтештер курамынан чыгып кеткенин юрист Сергей Воронцев билдирди.

Депутат Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» фракциясы ар дайым ар кандай мыйзам бузуу жосундарына каршы ырааттуу күрөш жүргүзүп келатканын, ошондуктан «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн айланасында түзүлгөн кырдаалга кайдыгер карай албастыгын баса белгиледи. Ата Мекен фракциясы бул иш боюнча коомчулукка кайрылуу кабыл алган. Анын ичинде сот органдарын, судьялар курамын Баш мыйзамда камтылган ченемдер менен талаптарды бекем сактоого чакырып өткөн. "Кимдер гана болбосун, сот бийлиги аркылуу бирөөнүн мүлкүн рейдердик жол менен басып алуу жосундарына бөгөт коюуну талап кылабыз», - дейт депутат Текебаев.

Белгилей кетсек, 2014-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмил Аксамаев «Вечерний Бишкек» басма үйүнө» караштуу «Рубикон» жарнама фирмасынын 50 пайыз үлүшүн анын мурдагы ээликтештери Александр Рябушкинге кайтарып берүү чечимин кабыл алган. «Вечерний Бишкек» басма үйү мындай чечимге макул болбостон, Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган.

Гезиттин жамааты Рябушкиндин артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов турат деп шектенип жатышат. Бирок Ниязов бул айыптарды четке кагып, акылга сыйбаган жалаа деп сыпаттаган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...