Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө күзгү түшүм аз болууда

Ак-Суу районунда 48 миң гектардан ашык жер бар. Анын 25 миң гектарына дан эгиндери, 10 миң гектарына картошка айдалат. Аба ырайына байланыштуу быйылкы күзгү түшүм аз болууда. Бул тууралуу Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсейитов билдирди.

Анын айтымында, акыркы убактан бери аба ырайынын кескин өзгөрүшү картошка казганга, эгин чабууга терс таасирин тийгизип жатат: «Башка райондорго салыштырмалуу быйылкы түшүм аз болууда. Эми кайрадан аба ырайы бузулат деп жатышат. Ага чейин бардык оруп-жыюу иштерин бүтүрүүгө аракет кылабыз», - дейт Ж. Байсейитов.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...