Акыркы макалалар

Италиялыктардын кыргыз кийизине болгон кызыгуусу күч алды

Кыргыз кийизи италия модасынын жаңы трендине айланышы мүмкүн. Бул тууралуу КирТАГга «Кыргыз Республикасында сооданы илгерилетүү» программасынын координатору Асель Тойбеков шейшембиде билдирди.

«Жергиликтүү продукцияга болгон кызыкчылык бар, Европада жана АКШда дагы. Эми улуттук кийизге Италия тарап да кызыга баштады. Миландык көргөзмөнүн өкүлдөрү биздин мастерлерди жана өндүрүүчүлөрдү атайын Италияга чакырышкан. Италиялыктар жибек колдонулган кийиз буйумдарга, алар – шарфтар, айымдар колдонуучу буюмдар, шляпа жана сумкаларга кызыгып жатышат. Италияда дайыма модага көңүл бөлүп келишкен», - деди А. Тойбекова.

Анын айтымында, чет жактарда биздин шырдактар да абдан белгилүү. «Биздин кол өнөрчүлүк продукциябызга монголдук, непалдык жана кытайлык өндүрүүчүлөр атаандаштык кылып жатышат, бирок кытайлыктар жасалма кийизди колдонушат», - деп белгиледи А. Тойбекова.

Түп нускага шилтеме : kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...