Акыркы макалалар

Ош жана Баткенде ачылган мектептердин максаты эмнеде?

 Ош жана Баткенде ачылган мектептердин максаты эмнеде?

САМАРА КАБЫЛБЕКОВА, Бишкек-Ош-Баткен

Эмне үчүн Ош жана Баткенге?

Ош жана Баткен областтарына көңүл бурууда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугуна алдын ала кам көрүү, кош бойлуу аялдарды жана ымыркайларды сапаттуу медициналык кызмат менен камсыз кылуу максаты көздөлгөн. Андыктан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Калкты жайгаштыруу фонду-ЮНФПА жана БУУнун Балдар фонду-ЮНИСЕФ КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын түштүк аймагындагы Ош жана Баткен областтарына кош бойлуу аялдарды төрөткө даярдоо мектептерин ачкан. Анткени долбоордун үстүндө иштеп жаткан өкүлдөрдүн айтымында, кош бойлуу энелердин жана жаңы төрөлгөн наристелердин өлүмү ушул аймактарда басымдуулук кылат. Кош бойлуу аялдарды төрөткө даярдоо мектеби Баткен облусунда бир жыл мурун ачылса, Ош облусунун Кара-Суу районунун бейтапканасында жаңыдан гана ишке берилген.

Анткени Баткен облусунда үй- бүлөнү пландаштыруу иши бир топ артта калып, анын кесепетинен көп балалуу болуу менен бирге эненин саламаттыгынын начарлашына жол ачкан. Ошол себептен жогоруда аты аталган уюмдардын көмөгү менен Ош жана Баткен областтарындагы төрөт үйлөрү райондук бейтапканаларга төрөткө даярдоо мектебин ачып берүү менен гана чектелбестен, медициналык каражаттар жагынан да жардам беришүүдө.

Ымыркайлардын өлүмү азайган дешти...

Мына ушундай иш-аракеттерден улам Ош областынын Кара-Суу районунда наристелердин төрөлгөндөн кийин чарчап калуусу 40 пайызга кыскарган. Мындай көрсөткүч ымыркайлардын өлүмүн кыскартуу үчүн көрүлгөн аракеттин акыбети болду. Өткөн жылы Кара- Суу аймактык бейтапкананын төрөт бөлүмүндө 3 миң 160 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бул жылы да тогуз айдын ичинде наристелер көп төрөлдү. Кара-Суу району балдардын төрөлүшү боюнча республикада алдыңкы орунда тураарын Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо бөлүмүнүн башчысы Анара Эшходжаева билдирди. “Өткөн жылы тогуз айдын ичинде 102 миң бала төрөлсө, быйыл анын саны 110 миңге жетип, 8 миңге көп болгон. Салыштырып карасак, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында төрөттүн саны, жалпысынан өлкөдөгү төрөлүүнүн жарымын түзөт”,-деди ал.

Ара төрөлгөн наристе, көз жашын төккөн эне

Ымыркайлардын көп төрөлүшү калктын социалдык абалынын жакшырышынан кабар берет. Бирок жаңы төрөлгөндө эле жашоонун даамын татпай чарчап калгандары да жок эмес. Бул жагдай кош бойлуу аялдардын кайдыгерлигинен улам келип чыгууда. Дарыгерлерге кеч кайрылып, кош бойлуу кезинде ден соолугуна кам көрбөй, алсыз наристелерди төрөп жатканы да себепчи болууда. Өзгөчө жаш энелер арасында төрөттөн көп өтпөй наристеси чарчап калгандар арбын. Айрыкча мындай абал Ош жана Баткен облустарында жогору. Себеби, аймактык оорукана болгондуктан ара төрөлгөн наристелер көп келишет. Иш сапар учурунда Баткен аймактык төрөт үйү жана андагы абал менен таанышып жатканыбызда коридордо жаш келиндин ыйлап олтурганына күбө болдук. Бул туурасында оорукананын неонатолог-дарыгери Айгүл Сапарова “бул көз жашын төккөн эне ара төрөгөн. Учурда ымыркайдын абалы оор”,-деди. Аны менен катар дагы бир жаш эненин да убагына жетпей көз жарган баласынын абалы да акырындык менен жакшырууда. Буга жаш эне Орусияда эмгектенип жүргөн, жана ал жакта кош бойлуу болуп калып, убагында келе албай жана ошондой эле ден соолугуна кам көрө албай, ара төрөгөндүгүн айтат. Буга бир гана энелер күнөөлүү эместиги, ага жумушсуздуктун айынан чет жерде жүрүүгө мажбур кылган социалдык абалдын оордугу да себепчи экендиги маалым.

Көйгөйдү алдын алуу үчүн мектеп ачылган

Эне менен баланын өмүрүн сактап калуу жана ден соолугуна кам көрүүгө Кара-Суунун дарыгерлери демилге көтөрүп, ал эл аралык уюмдардын колдоосуна арзыган. Ошол себептен кош бойлуу аялдарды төрөткө дайындоо мектеби ачылган. Кара-Суу райондук бейтапканасынын төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу Гүлнур Матмусаева жаңы ачылган мектепте кош бойлуу энелерге төрөткө дайындоо максатында сабак өтөт жана ар кандай дене тарбия көнүгүүлөрүн үйрөтөт. “Мурда кош бойлууларга ооз эки гана түшүндүрүп келгенбиз. Азыр болсо аялдар үчүн шарларды алып келгенбиз. Аны менен ар кандай көнүгүүлөрдү жасайбыз. Бул көнүгүүлөр кош бойлуу энелерге кандай төрөө ыңгайлуу экендигин үйрөтүү үчүн даярдалган”,-дейт Г.Матмусаева. Ошондой эле кош бойлуу айымдарга түрдүү жардамдарды сунуштоо менен катар эле психологиялык жактан эне болууга даярдоо иши дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алгач Ош облустук бейтапкана жаңы ачылып жаткандыктан мектепте саналуу гана кош бойлуу аялдар болгон. Ага салыштырмалуу Баткен облусунда төрөткө даярдоо мектебине катышып жаткан энелер көп. Анткени Баткен облустук бейтапканасында аялдарды төрөткө даярдоо мектебинин ачылганына бир жылдын жүзү болгон. Эки облуста тең кош бойлуу аялдарды төрөткө даярдоо жана эне менен баланын ден соолугуна туура кам көрүү долбоордун негизги максаты. Анын ичине төрөттү операциясыз жана жеңил өткөрүү кирет. Долбоордун алкагында ачылган мектеп элге акысыз кызмат кылат.

Баткенде да абал жакшырды

Баткен аймагы республиканын алыскы жана чет жагында жайгашкандыктан, андагы жашоочулар Бишкектеги ооруканаларга көп кайрыла алышпайт. Ошол себептен ал жакта абал алгач кыйын болгон. Көп балалуу болуу менен бирге ден соолугуна кам көрө албаган энелердин саны Ош жана Баткенде көп кездешет. Андыктан Баткен райондук бейтапканасында да бир жыл мурун ачылган мектеп учурда кош бойлуу энелерди төрөткө даярдоосун улантып жатат. Мектептеги окууларга катышууга аракет кылган аялдардын саны өсүп жатат. Машыктыруучу-дарыгер Жамиля Гаипованын айтымында төрөткө даярдоо мектебине келген кош бойлуу аялдардын саны район боюнча 20дан жогору. Алар убактысына жараша жумасына үч жолу келишип, атайын көнүгүүлөрдү жасашат. Аялдарга акысыз кызмат кылышат жана төрөткө даярдык үчүн ар кандай көнүгүүлөрдү жасоону үйрөтүшөт. “Баарынан да айыл жериндеги кош бойлуу энелер да көп келип жатышат. Ушундай мектептер айылдарда да ачылса кош бойлуу аялдарга абдан жакшы болмок”,- дейт Ж.Гаипова. Ошондой эле бейтапкананын акушер-гинекологу Гүлзат Жарматованын айтымында үй-бүлөнү пландоо боюнча энелерге кеңеш беришет. Абалга жана шартка жараша үй-бүлөнү пландоо керектигин, ошондой эле эгер көп балалуу болууга шарты жок болсо, бойго бүтүрүүдөн сактоочу каражаттарды сунушташат жана аларды бекер беришет. Мындагы негизги максат үй-бүлөнү туура пландаштырууну кеңири жайылтуу жана эне менен баланын өлүмүн азайтуу.

Кайнене болсо, ушундай болсун....

Ал күнү Баткен райондук бейтапканада ачылган кош бойлуу аялдарды төрөткө даярдоо мектебине келиндеринин төрөтүнө катышкан энелер да келишкен. Алардын бири, өзү дарыгер болуп иштеген Сейил Карабаеванын келини кош бойлуу аялдарды төрөткө даярдоо мектебине келип жүрүп, жеңил эле көз жарган экен. Ал да келининин төрөтүнө катышып, ага дем-күч берип турган. “Бул мектептин ачылганы жакшы болду, себеби, төрөө ыкмасынан кабары жок келиндер төрөө учурунда ден соолуктарына зыян келтирип алышууда”,-дейт ал. Мухтарбек кызы Ширин кайненесине кошулуп төмөндөгүлөрдү айтып берди, “бул менин биринчи кызым, бирок кош бойлуу аялдарды төрөткө даярдоо мектебине 7 айлык кезинде келгем, ага чейин Бишкекте жашачумун. Эки ай ичинде эле көп нерсени үйрөндүм. Төрөтүм абдан жеңил өттү, айрыкча ушул мектептен үйрөнгөн дем алуу ыкмалары мага аябай жардам берди”,-дейт Ширин.

Үй-бүлөнү пландаштырууну ишке ашыруу зарыл

Төрөткө даярдоо мектебине келип жүргөн кош бойлуу энелердин бири да сөз сүйлөдү. “Бизде негизинен кош бойлуу кезде камыр тамактарды көп жесе, бала чоңоюп кетет да төрөө учурунда кыйынчылык туудурат деген ой калыптанып калган. Бирок ушул мектепке келгенден кийин, акушер-гинекологдордун кеңештерин угуп көрсөм, тескерисинче дан азыктары кош бойлуу кезде энеге да, балага да пайдалуу болот экен”,-деди Салтанат Акматова. Ал буга чейинки төрөттөрүндө абдан кыйналган. “Өзүм үч баланын энесимин. Учурда кош бойлуумун. Бирок экинчи баламды төрөө учурунда туура эмес дем алып жатында жаракат пайда болгон. Ошондуктан кийинки төрөтүм жеңил болсун деп алдын алып жатам. Бул мектепке жумасына 3 жолу келип төрөткө даярдоо үчүн атайы көнүгүүлөрдү жасайм. “Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча дарыгерлердин кеңештерин угабыз, бирок толук аткарбайбыз. Ал эми мусулманчылыкта бойдон алдыруу бул туура эмес болуп эсептелет. Бирок кандайдыр бир ден соолукка байланыштуу себеп болсо, бойдон алдырууга болот”,-дейт ал.

Уюм жетекчилери эмне дейт?

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы атайын өкүлү Жонатан Вейтч мына ушундай саамалыктарды дагы да өркүндөтүүгө салымын кошоорун билдирди. Энелердин жана балдардын өлүмүнүн азайгандыгы жасап жаткан иштеринин натыйжасы, бул биринчи жана акыркысы эмес экендигин да кошумчалады. Ал эми БУУнун Кыргызстандагы координатору жана ЮНФПАнын директору Александр Аванесов “биздин жасап жаткан иштерибиз көптөгөн кош бойлуу энелерге жана ымыркайларга чоң салымын кошту. Айрыкча Баткен облусунда кош бойлуу энелердин жана ара төрөлгөн балдардын өлүмүнүн көп болгондугуна байланыштуу алгач кадамды ушул жактан баштаганбыз. Бул абдан маанилүү. Анткени жаш жана кош бойлуу энелерге төрөткө даярдоо мектебин ачып, алардын төрөтүн жеңилдетүүгө кам көрүү эле. Бул максатыбызга жеттик. Аны менен катар оорукана жана бейтапканаларга медициналык каражаттар жагынан да жардам бергенибиз энелердин жана балдардын ден соолугуна кам көрүүбүз болду”,- дейт А.Аванесов. Ошондой эле БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун аткаруучу директору Медер Өмүрзаков “эне менен баланын өлүмү республиканын башка аймактарына караганда, Ош жана Баткен областтарында басымдуулук кылгандыктан алгачкы кадамды ушул жактан баштаганбыз. Эми дагы ушундай төрөткө даярдоо мектебин кийинки жылы Талас областына ачууга аракет жасап жатабыз. Толугу менен 60 миң доллар каражат аймактар аралык ачылган мектептерге жумшалды. Ал эми бир мектепке 6 миң доллар каражат кетти”,-деди.

Жыйынтыктап айтканда, өлкөбүздө эне жана баланын өлүмүнүн көбөйүүсү аны менен катар эне жана баланын ден соолугунун начарлашы бүгүнкү күндүн көйгөйү. Андыктан Кыргызстандагы уюмдар биргеликте өлкөнүн түштүк аймагына кош бойлуу энелерди төрөткө даярдоо мектебин ачкандыгы жакшы жышаан.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...