Акыркы макалалар

Электр жарыгына эмес, техникага ишенич жок

 Электр жарыгына эмес, техникага ишенич жок

Каракол шаардык электр тармактар ишканасынын башчысы Атабек Абылгазиевдин тастыктоосуна караганда, кышында электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет. Кышка карата дурус даярдыктар көрүлүп, жай айынан бери 10 кв. боюнча 41,1 чакырым, ал эми 0,4 линиясы боюнча 45,6 чакырым аба чубалгысы жасалды.

Мындан тышкары 49 трансформатор капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Шаар ичиндеги дарак басып калуу коркунучундагы 13 чакырым электр линиясы тазаланган. Ошондой эле алдын-ала тазалоо жумуштары бүткөрүлгөн. Шаардагы 97 трансформаторго автоматтык өчүргүчтөр орнотулду.

“Электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет деп элди ишендирип кетсем болот. Бирок белгиленген чектен ашык электр жарыгын пайдалангандар көп. Маселен, 2011-жылы караколдуктар, мекеме-ишканалары менен жалпылап айтканымда 12млн.кВт саат электр жарыгын пайдалансак, ал эми 2012-жылдын өткөн 9 айынын ичинде эле 19 млн.кВт. саат электр кубатын пайдаланыптырбыз. Демек, электр жарыгын белгилеген чектен алда канча ашык пайдалануудабыз. Ар бир кардарга эсептегенибизде алар 3 кВт.саат гана электр жарыгын пайдаланууга тийиш. Электр кубаты көбүрөөк пайдаланылган жерде техника керектен тез чыгат, күчтүү чыңалууну көтөрө албаган трансформаторлор күйүп кетүү коркунучун жаратат”,-дейт А.Абылгазиев. ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ

«Мен чоңойсом президент болом…»

«Мен бала кезимен эле чоңойсом президент болом деп кыялданып келем», - деди Кара-Буура районундагы Покровка айылынын балдар жатак-мектебинин окуучусу Урмат Абдымомунов Талас шаарында өткөрүлгөн Автокараванда. Аталган шаарда «Нур бала» коомдук уюмунун каржылоосу менен өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосунда «Автокараван» өткөрүлдү. Анда областтагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар эне-аталары менен автоунааларда сейилдешти. Аталган уюмдун жетекчиси Жылдыз Турдугулова: «Бул иш-чаранын максаты жарандарды «мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө» көңүлдөрүн буруу, аларды кайдигер болбоого чакыруу. Өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл мамлекеттик уюмдар бизди абдан жакшы колдошту»,-деди. «Мен биринчи жолу машинага түшүп сейилдедим, бул күндү чыдамсыздык менен күткөм. Унаада бара жатып тоолордун кооздугуна абдан суктандым»,-деди он төрт жаштагы Кара- Буура районунун Покровка айылындагы балдар интернатынын окуучусу Ваня Литвинов. «Ушундай областтык деңгээлде уюшулган иш-чарада менин балдарым өздөрүн абдан эркин сезип ойношот. Биз бүгүн он баланы иш-чарага катыштырып жатабыз. Биздин борбордо дени соо балдар менен бирге мүмкүнчүлүгү чектелгендер тарбияланышат. Кээ бир ата-энелер майып балдарды туура түшүнбөй бөлүп турушат. Ушул бизге кыйынчылык алып келүүдө»,-деди Талды-Булак реабилитациялоо борборунун жетекчиси Нурзат Супжанова. Балдар МАИ кызматкерлеринин коштоосунда шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырган соң спорт залга келишти. Ал жерден «Нур Бала» коомдук уюму тарабынан уюштурулган оюндарга катышты. Оюндун аягында бардык балдарга белектер тапшырылды.

ЖЕҢИШГҮЛ ТОГОЛОКОВА, ТАЛАС

Ырдайлы кыргыз ырларын

Талас шаарынын А.Огонбаев балдар музыкалык мектебинде «Кош жылдыз-2012» кароо-сынагы өткөрүлдү. Иш-чара өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн уюштуруусу менен мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында ишке ашты. Анда областагы ар улуттун жарандары кыргыз тилиндеги чыгармаларды аткарды. «Сынактын максаты башка улуттун жарандарын кыргыз тилин сүйүүгө үндөө»,- деди өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн мамлекттик тил комиссиясынын башкы адиси С.Озукеева. Түрк улутунун жараны Туркмен Нурафшан: «мага кыргыз тилинде ырдоо кыйынчылык алып келген жок. Себеби түрк тили менен кыргыз тили окшош. Бул сынакта мен жаш катышуучу болгондуктан байгелүү орунга ээ болом деген ой бар болчу»,-деди. Сынактын жыйынтыгында Талас шаарынын тургуну орус улутундагы Алексей Чумаков биринчи орунга ээ болду.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында үй-бүлө жылына арналган иш-чарада жыйынтыкталат. ЖЕҢИШГҮЛ ТОГОЛОКОВА, ТАЛАС

Нарын шаарында бир депутаттык орунга 13 талапкер

Борбордук шайлоо комитетинин (БШК) Нарын облусу боюнча өкүлү Алмаз Аскаровдун айтымында, Нарын шаарында көрсөткүч ушундай болгон. Ал эми облус боюнча бир депутаттык мандат үчүн дээрлик 5 талапкер ат салышууга аттанышса, Ат-Башы районунда көрсөткүч 3,6ны түзөт. Натыйжада, дубандагы 654 мандат үчүн 3151 талапкер талаптанууга бел байлашкан.

«Нарын облусу боюнча жалпысы 144 шайлоо округда шайлоо өтөт. Райондор боюнча айтсам: «Жумгалда 77 мандат үчүн 344 талапкер, Кочкордо 151 орунга 723, Ак-Талаада 99га 361, Ат-Башыда 131 мандатка 613, Нарын районунда 165 орунга 689 жана Нарын шаарындагы 31 мандат үчүн 421 талапкер документтерин тапшырышкан», -дейт А.Аскаров мырза. КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН

Ардагерлер биринчи конференция өткөрүштү

Апта башында «Нарын облустук согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун ардагерлер кеңешинин» коомдук бирикмесинин алгачкы конференциясы болуп өттү. Жыйындын жумушчу төрканасын (президиум) ушул жылдын 31-октябрында түзүлгөн демилгелүү топ алып барды. Күн тартибине коомдук бирикменин уставын кабылдоо, кеңештин мүчөлөрүн, төраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчы-эсепчиси шайлоо, жер-жерлерде филиалдарды ачуу жана укуктук ченемдерди жүзөгө ашыруу маселелер коюлду. Алгачкы конференциянын чакырылышы тууралуу ардагер Таалай Ыдырысов баяндама жасады.

«Биз формачан ардагерлер четте калганбыз. Жалпысынан Нарын облустук ардагерлер кеңеши делинген менен алар эмгектин гана ардагерлер кеңеши болуп калган. Мурунку төрага Сейтаалы Жакыпов каза болуп калгандан кийин, анын ордуна төрага шайлоодо биз экиге бөлүнүп, эмгектин ардагерлери өзүнчө кетишти. Ошондо биз 10 адамдан турган демилгелүү топ түзүп, атайын Устав кабыл алып, жаңы коомдук бирикме болуп 12-ноябрда каттоодон өттүк. Эми бизге келген наныбызга өзүбүз ээ болобуз. Баарысын ачык айкын, сиздер менен чогуу чечебиз,-деди Т.Ыдырысов мырза. Чек ара кызматынан ардагер болгон Жаныбек Асанов мындай пикирге кошулуп, эмгек ардагерлери погончондорду акыры «селсаяк» деп атаганга чейин барышкандыгын билдирди. Акыры жыйында кеңештин курамы алгач 25 мүчөдөн турсун деген сунуш келтирилип, алардын талапкерлери аталды. Ооганчылардан да 3 адам мүчө катары киргизилди. Ички аскерлерден эс алууга чыккан бир ардагер кошулуп, кеңеш курамы 29 адамды түздү. Алар Таалай Ыдырысовду төрагалыкка шайлашты.

Жыйында 25-декабрга чейин жер-жерлерде бирикменин филиалдарын ачуу тапшырмасы тагылды. КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН

Мектепти тилсиз жоо жалмады

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Тегизчил айылындагы орто мектеп жарым-жартылай күйүп кетти. 18-ноябрдын таңында мектептин өрттөнүп жатканын кароолчу көрүп дароо өрт өчүрүүчүлөргө кабарлаган. Алынган жана такталган маалыматтарга караганда, мектептин чатырын, үч классты тилсиз жоо жалмап салды. Кырсык катталган жерге дароо областтык, райондук жетекчилер барышты. Кырсыктын келип чыгыш себептери иликтенүүдө. Электр кубатынын чыңалуусунан өрт кеткен деген божомолдор айтылууда. Кандай божомолдор айтылбасын оңбогондой каражат менен кайра калыбына келтирилүүчү билим уясына коңгуроо кагылбай класстар бош турат. Мектеп окуучуларын бир жумага каникулга таратышты. Бир жумадан кийин окуу башталабы, же дагы ал мөөнөт узартылабы, так айтуу кыйын.

ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...