Акыркы макалалар

Балчы Махсудин Түркмөнов: “Үй-бүлөбүз менен бал топтойбуз”

 Балчы Махсудин Түркмөнов: “Үй-бүлөбүз менен бал топтойбуз”

Жакында эле Бишкек шаарында өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан келген балчылардын жарманкеси Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп өттү. Жарманкеге алыскы Токтогул районунун Совет айылынын “Бал аары” совхозунан келген Махсудин Түркмөнов менен бул жаатта маек курдук.

- Махсудин мырза, бал челек кармаганыңызга канча жыл болду? Балды кайсы жайлоолордон чогултасыз?

- 1987-жылдан бери аары багуу менен эмгектенип келем. Буюрса, быйыл 25 жыл болот. Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Совет, Толук айылдарынын Караган, Чоң-Дөбө, Жайык жайлоолорунан, өзүбүздүн коңшу айылдардан чогултабыз, бал чогултуу да жылдын түшүмдүүлүгүнө байланыштуу. Бир жылы жакшы, экинчи жылы төмөн болот.

- Бир челеги канча кило бал берет?

- Бал жылга жараша болот. Быйыл аз болуп калды. Балчылык деле дыйканчылык сыяктуу. Дыйкан деле бир жылы түшүмдү көп алып, бир жылы аз алат эмеспи. 70-80 бал челектен түшүмдүү болгон жылдарда -2-3 тоннанын тегерегинде бал алса болот.

- Бал челекчинин түйшүгү оорбу?

- Чындыгында эле оор, ар бир ишке ынтаа коюп, аны сүйүп иштесең кылган мээнетиң текке кетпейт экен. Алгачкы жолу аары баккан учурда бир топ эле аарыга таланган учурларым болду. Акырындык менен бал топтоонун сырларын өздөштүрүп ишим бир аз жеңилдеп калды. Үй-бүлөм менен чогуу эмгектенебиз жубайым, бир уулум, эки кызым бал топтоонун ыкмасын өздөштүрүп калышкан. Андан башка туугандарыма, досторума да үйрөтүп кoйдум ыраазычылыктарын айтып калышат.

- Бал челек кармаганды кантип үйрөндүңүз эле?

- Биздин айылда “Бал совхозу” бар эле анда орус, кыргыз улутундагы балчылар иштешер эле, ал кезде жаш элем. Ошол адамдарга жардамчы болуп иштеп калдым. Өзүмүн кызыгуум менен үйрөнүп кеттим. Учурда баш-аягы 70ден ашык бал челегим бар. Жарманкеге 700 кг бал алып келдик. 1 килосун 200-250 сомдон сатып жатам, көп алса сүйлөшүүгө жараша арзаныраак болот. Атайын тапшырык менен алып кеткен тааныштарыбыз да бар.

- Аарылар кышында кантип үшүбөй чыгышат?

- Азыгын берип, бал челекти жылуулап жаап коебуз, ошону менен жаз келип, күн катуу ысыгыча бал челекте кышташат. Ал эми балдын дарылык касиети тууралуу бир айтабызбы, эки айтабызбы, балды оорубаган соо адам деле эртең менен эрте бир чай кашык жеп койсо болот. Балды кадимки сары май менен аралаштырып, эртели-кеч колдонуу пайдалуу. Балды жаңгактын маңызы менен аралаштырып жесеңиз, мунун да дарылык касиети күчтүү. Жаш балдарга балдын жеңилин бериш керек. Күчтүүсү оор болот.

- Балды кантип тандаса болот?

- Тоонуку менен талаанын балы эки башка келет. Айталы, Кемин менен Токтогулдун, Чүй менен Ат-Башынын балынын ортосунда айырма чоң. Кээ бир аары кармагандар бал челектерин жолдун боюна коюп коюшат. Аны сатуу үчүн коюшат. Тартылган айларына жараша бал түр-түргө бөлүнөт. Чөптөрдүн баары гүлдөп тургандыктан, экинчи тартымы баарынан күчтүү. Айрым бал челекчилер атайы беденин, же экспарцептин арасына коно олтуруп бал чогултат.

- Бал челек кармаганды үйрөнүп, үйгө аары кармаса болобу?

- Эмнеге болбосун. Эң сонун болот. Жерибиз кооз, кереметтүү жаратылышы бай да. Дүйнөнүн эч бир жеринде биздикиндей ширин, биздикиндей дарылык касиети күчтүү бал болбосо керек.

Маектешкен КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ

Балды сатып алуудан мурда буларды билип алганыңыз оң

Бал ден-соолукка пайдалуу азык. Элдик медицинада көп колдонулат. Ал С витаминине бай жана анда минералдардын дээрлик баардыгы бар. Биз күнүмдүк турмушта балды кайнак сууга кошуп ал организмди тазалайт деп ичебиз. Бирок балды 60 градустан ашпаган сууга салып ичүү зарыл. Коюланган балды эриткенде да ысыктыгын 60 градустан ашырбаш керек. Болбосо анын өңү бузулуп, жыты кетип, курамындагы көп жылдар бою сактала турган С витамини бузулат. Кээде сакталган балды эки түргө бөлүп карайбыз. Биринчиси үстү гана коюланып, түбү суюк бойдон калат. Бул анын жетилбегендигинен кабар берет. Ал үчүн балды эртерээк пайдалануу керек. Жетилбеген балды бир нече гана ай сактаганга болот.

Жетилген бал

Даяр болгон балдын үстүн аарылар момдоп коюшат. Ал бал көпкө чейин сакталып, пайдалуу затты өзүнө алып жүрөт. Көпчүлүк учурда аарычылар бал жетиле электе эле жыйнап алышат. Мындай балды суунун көлөмү нормадан эке эсе жогору болуп, ферменттер, сахароза менен аз байытылып эскирет. Балдын жетилгендигин аныкташ үчүн аны 20 градуска жылытып, кашык менен аралаштырат. Бал бышкан болсо кашыка бышат.

Өңү

Балдын ар кандай сорттору бар. Ар бир сорт өзүнө жараша өңгө ээ. Маселен, гүлдөн алынган бал-ачык сары түстө болот. Өзүнүн курамында кант, крахмал жана башка кошулмаларды алып жүргөн бал киргилт түстө болот, канттуу бал таза болбойт. Анда пайдалуу эч нерсе жок. Андай балдын өңү агыш тартып калат.

Жыты

Курамында канты бар балдын жыты болбойт. Желимдей болуп көп жагынан агып, үзүлүп тамат. Таза бал жумшак болот, колго сүйкөгөндө териге сиңип кетет. Ал эми жасалма балдын структурасы назик болбой, колго сүйкөгөндө бүдүрлөр калат.

Суу кошулганын кантип билебиз?

Нымдуулукту жакшы сиңирген кагазга балды тамчылатып көрүңүз. Эгер ал кагаздан агып жайылып, орду сууланып калса ал таза эмес. Таза балда суу болбойт.

Балды кантип сактоо керек?

Балды темир идишке сактоого болбойт. Анкени анын курамындагы кычкылдар ачытып жибериши мүмкүн. Бул балдын курамындагы оор металдардын көбөйүшүнө жана пайдалуу заттардын азайышына алып келет. Мындай бал ашказанды оорутуп, ууланууга алып келет. Бал айнек, чопо, фарфор, керамика жана жыгач идиштерде сакталууга тийиш.

Даярдаган КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...